Кымыздык (лат. Polygonum, L. 1753) – кымыздыктар тукумундагы уруу. Бир же көп жылдык чөп, чанда бадалча жана- бадал. Сабагы тик өйдө, кээде төшөлүп же чырмалып өсөт. Жалбырагы жөнөкөй, түрдүү формада. Гүлү майда, 4-6 мүчөлүү, алар жалбырак колтугунан өсөт. Топ гүлү чачыдай же шыпыргыдай. Аталыгы 4-8, энелиги 2-3. Мөмөсү үч кырдуу же жасмык (буурчак) сымал. Мелүүн жана- тропик областтарда 300дөй түрү таралган. 22 түрү Кыргызстанда өсөт. К-тын кээ бир түрлөрү ашаткыч, боёк заттарды алууда, ошондой эле дары өсүмдүк катары медицинада колдонулат.

Polygonum achoreum.

Колдонулган адабияттар түзөтүү