Кыргызстандагы абанын басымы

Кыргызстандын аймагынын бир кыйла бийик жайгашкандыгына байланыштуу мында абанын басымынын өлчөмү деңиз денгээлине караганда бир кыйла төмөн. Көп жылдык байкоолорго караганда абанын басымынын эң жогорку мааниси Чүй өрөөнүндө январь айында байкалат. Көп жылдык байкоолор боюнча басымдын орточо жылдык мааниси Бишкекте (736 м) 696 мм сымап мамычасы же 928 м/бар, Ошто (1013 м) 678 мм сымап мамычасы же 901 м/бар, Таласта (1227 м) 660 мм сымап мамычасы же 878 м/бар, Кара-Көлдө (1776 м) 607 мм сымап мамычасы же 796 м/бар жана Сары-Ташта (3155 м) 521 мм сымап мамычасы же 695 м/бар.

Улам бийиктеген сайын басымдын термелишинин жылдык айырмасы азая берет. Мисалы, атмосфералык басымдын көп жылдык мөөнөттөгү орточо жылдык амплитудасы Бишкекте 39 мм (52 м/бар), Ошто 32 мм (45 м/бар), Караколдо 27 мм (36 м/бар) жана Нарында 25 мм (33 м/бар) түзөт. Барикалык градиент да бийиктик боюнча бирдей өзгөрбөйт. Эгерде түздүктө жана жапыз тоолордо ар бир 100 м ге көтөрүлгөн сайын басым 10 м/бар га төмөндөсө, 3000 м бийиктикте ар бир 100 м ге 8 м/бар дан төмөндөйт. Басымдын сутка ичинде термелиши анча чоң эмес (1,2—3,6 м/бар).