Кыргызстандагы бийик жана бөксө тоолордун рельефи

Кыргызстандагы бийик жана бөксө тоолордун рельефи — Бийик жана бөксө тоолордун комплекси Кыргызстандын аймагынын көпчүлүк бөлүгүн ээлейт (66% жакын). Ал негизинен протерозой жана палеозой замандарында түзүлгөн катуу кристаллдык тоо тектеринен түзүлгөн. Мезозой-кайнозой заманындагы тектер да кээде рельеф түзүүгө катышып калат. Рельефтин типтери негизинен тектоника-денудациялык жана эрозиялык типте, терең тилмеленүүлөр (500 м ден 1000—1500 м ге чейин, кээде 2000 м ге жетет) мүнөздүү, тилмеленүүнүн жыштыгы да эң жогору. Суу бөлгүч кырларында, ага жакын бийиктеринде урчук-урчук аскалар, жалама зоолор, тепши сымал өрөөндөр, кресло сыяктуу цирктер, мөнгүлөр жана түбөлүк эрибеген карлар таралган. Тоо капталдары түбүндө күркүрөгөн суулар аккан тар капчыгайлар менен туурасынан кесилген. Капчыгайлардын капталдарынын үстү жагын борчук-борчук аскалар, этегин куюлма шагылдар, иргелбеген жана жылмаланбаган корум таштар ээлеген. Кээ бир бийик кырка тоолордун капталдарында жана кырларында байыркы герциндик платформада талкаланып түзүлгөн денудациялык түздүктөрдүн (пенеплендин) калдыктары сакталып калган. Кээ бир калдыктардын бийиктиги кар сызыгынан жогору болгондуктан алардын үстүн жалпак мөңгүлөр ээлеп жатат. Тоолуу геоморфологиялык комплекстин калыптанышы неогендин аягы төртүнчүлүк мезгилине туура келет.

Бийик тоолордун комплекси литологиялык составы менен айырмаланган эки типке бөлүнөт. Биринчиси — протерозой жана палеозой замандарындагы тоо тектерден турган бийик тоолор, экинчиси мезозой заманындагы тектерден турган бийик тоолор. Протерозой жана палеозой замандарынын тектеринен турган бийик тоолуу рельеф Кыргызстандын дээрлик бардык жерине мүнөздүү. Борбордук, Түндүк, Ички жана Батыш Тянь-Шанда жалан гана аталган рельефтин типтери тараган. Мезозой заманынын тектеринен турган бийик тоолуу рельеф Фергана тоо системасынын түштүк-чыгыш жагынын түштүк-батыш капталында жана Чоң-Алай кырка тоолорунуй түндүк капталында орун алган. Бөксө тоолордун комплекси ар бир эле бийик тоолордун айрыктарын жана аларга жарыш адырлар менен бийик тоолордун ортосундагы түзүлүштөрдү ээлейт.

Протерозой жана палеозой замандарындагы тоо тектеринен пайда болгон жапыз тоолор да тоолуу геоморфологиялык комплекстерге кирет (Чил-Майран, Сулайман тоолору).