Кыргызстандагы жаныбарлар

Кыргызстандын жаныбарлары.учурда Кыргызстандын жаныбарлар дүйнөсү өтө ар түрдүүлүгү менен айырмаланат. Географиялык чөйрөнүн татаалдыгы жана зоогеографиялык региондордун кошулган жерлеринде жайгашкан абалы Кыргызстандын фаунасынын калыптанышында негизги фактор болгон. Республиканын фаунасына омурткалуулардын 500дөн ашуун түрү кирет. Анын ичинде балыктын 75, жерде-сууда жашоочулардын 4, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 28, канаттуулардын 368, сүт эмүүчүлөрдүн 86 түрү бар.

Омурткасыз жаныбарлар түзөтүү

Омурткасыз жаныбарлардын фаунасы азырынча жетиштүү деңгээлде изилдене элек; акыркы маалыматтарга таянсак, республикада курт-кумурска менен кенелердин гана 4 миңдей түрү кезигет. Курт-кумурскалар Кыргызстандын энтомофаунасына ийнеликтердин 60тан ашык, канталанын 100, кыпчуурлардын 6, дырылдак коңуздардын 250, өсүмдүк биттеринин 140, трипстердин 120, кумурскалардын 86дан ашык, эбелек муруттуулардын 163, кычы коңуздардын 27, сасык коңуздардын 178, чыртылдак коңуздардын 75, булгаары жегичтердин 15, жалбырак жегичтердин 350, дан жегичтердин 40, шиш тумшуктардын 73, майда коңуздардын 31, чаңча жегичтердин 20, таарыгычтардын 160, аары сымалдардын 33, чырылдак чымындардын 200дөн ашык, шайтан көпөлөктөрдүн 27, коксинелиддердин 40, копопиддердин 140, төрт буттуу кенелердин 56 түрү бар. Муунак буттууларды өзүнчө бөлүп көрсөтүүгө туура келет, себеби алардын көпчүлүгү кан соргучтар, ошондой эле оору (малга ылаң) жугузат. Аларга кенелердин 28, аргастардын 7, гамаз сымал кенелердин 180, котур таратуучулардын 3, тромбикулиддердин 19, биттердин 12, кыпчуурлардын 155, тыбытчалардын 115, бүргөлөрдүн 110, чиркейлердин 28, желимчелердин 12, кара чиркейлердин 21, эшек курттардын 25, чымындардын 56, көгөндөрдүн 28, сайгактардын 11, канталалардын 1, кан соргуч чымындардын 5 түрү кирет.

Балыктар түзөтүү

Байырлаштырылгандарын кошкондо Кыргызстанда балыктын 75дей түрү бар. Алардын ичинен каңылтыр сымалдуулары көп. Чабак, көкчаар, жылтыр жана сазан промыселдик балыктар. Бирок акыркы жылдары мындай балыктар аз кармалууда.

Балыкты көп кармоо жана зыяндуу балыктардын (пескарь, гольян, голец) санын азайтуу максатында Ысык-Көлгө севан жилингири, таман балык, кубулма балык, көк серке, каңылтыр, судак ж.б. коё беришкен. Алардын ичинен севан жилингири менен судак жакшы ыңгайлашып, промыселдик мааниге ээ болгон, бирок алардын көбөйүшү менен көлдүн өзүнүн абориген балыктарынын саны кескин азайган. Промыселдик баалуу балыктардын санын көбөйтүү максатында (жилингир, көкчаар) Тоң (1964) жана Каракол (1969) балык көбөйтүү заводдору курулган. Балыктын кармала турган баалуу түрлөрү Ысык-Көлгө гана эмес, Соң-Көлгө, Орто-Токой, Токтогул, Киров суу сактагычтарына да коё берилген. Бул жерлер тоюттуу.

Соң-Көлгө коё берилген балыктардын ичинен момун балык (орусча "пелядь"), май канат (орусча "сига") жакшы байырлашкан. Өзгөчө алгачкы жылдары балыктын бул түрү көп уруктап, тез өскөн, чоң да болгон, биомассасы 3 кг жетип, семиз болгон. Бирок гидробионттордун динамикасын эске албастан, көлдө балык өстүрүү, алардын өтө көбөйүшү сууда жашоочу майда омурткасыздардын санынын динамикасын начарлатып жиберген. Натыйжада балыктын саны азайып, арыктап, салмагы кескин төмөндөгөн. Тоютунун жетишсиздигинен жырткыч эмес момун балык канибалистке айланган, башкача айтканда, өз уруктарын өздөрү жей баштаган. Балык өстүрүүчүлүк республиканын түндүгүндөгү Чүй жана Талас өрөөндөрүндө өнүккөн.

Майда көлмөлөрдө, өзөндөрдө, агын сууларда сазан, кызыл канат түрпү, чортон, жылтыр, жаян, муруттуу балык, көкчаар жана башка балыктар бар. Алар менен кошо азык болуучу майда балыктар да жашайт.

Кыргызстанда жергиликтүү балыктар менен башка жактан алынып, байырлаштырылган балыктардан тышкары кокусунан пайда болгон балыктар да бар. Мисалы, амур чабагы, элеотрис. Амур чабагынын мекени – Казакстан, элеотристики – Ыраакы Чыгыш.

Жерде-сууда жашоочулар (амфибиялар) түзөтүү

Кыргызстандын аймагында жерде-сууда жашоочулардын 4 түрү кезигет: жөнөкөй курбака, данатин курбакасы, борбордук азия жана көл бакалары. Жөнөкөй курбака түздүктөрдө жашайт (Чүй өрөөнүндө). 22 хромосомдуу данатин курбакасы болсо тоолуу жерлерди (Ысык-Көл өрөөнү, Ички Теңир-Тоо) мекендейт. Анын хромосомасы 2 эсеге көп. 3500 м бийиктикке чейинки сырттарда кездешет. Борбордук Азия жана көл бакалары аз санда болсо да республиканын түндүк жана түштүк аймактарына таралган. Борбордук Азия бакасы деңиз деңгээлинен 3500 м бийиктиктеги аймактарда да кезигет. Амфибиялар Теңир-Тоонун шартында ар кандай бийиктиктерде жашайт, улам бийиктеген сайын биомассасы мыйзам ченемдүү азая баштайт. Бул алардын генетикасына байланыштуу. Алардын бийик жерлерге топтолушу булак сууларга байланыштуу. Алар кыштаган булактар толук тоңбойт. Ошондуктан тоолуу жерлерде курбакалар чоң колонияларга топтолушуп, булактарда кышташат. Түздүктөрдө жашаган кадимки курбакалар урук таштарында гана сууга киришет, башка учурда кургакта жашап, кемирүүчүлөрдүн ийиндеринде, үйлөрдүн жер төлөөлөрүндө, жер астында кышташат. Жерде-сууда жашоочулардын практикалык чоң мааниси бар. Алар мөмө-жемиш менен дан эгиндеринин көптөгөн зыянкечтерин, ошондой эле адамга оору (малга ылаң) таратуучуларды (чиркей, желимче, көгөн дагы ушундай сыяктуу) жок кылышат. Бакалар жана алардын көнөк баштары балыктарга, суу жана саз канаттууларына азык болот, ошондой эле медицинада тажрыйба жасоо үчүн колдонулат.

Канаттуулар түзөтүү

Канаттуулардын Кыргызстанда 368 түрү бар. Бул КМШ өлкөлөрүндөгү канаттуулардын бардык түрлөрүнүн дээрлик жарымын түзөт. Алар (айрыкча таранчы сымалдардын 144 түрү) айыл чарба зыянкечтерин жана оору таратуучу көптөгөн кемирүүчүлөрдү жок кылышат. Үкү, күйкө жана башка жырткыч канаттуулар айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирип, адамга оору (малга ылаң) жуктуруучуларды жок кылышат. Жорулар менен кузгундар болсо тарп жеп, санитардык милдетти аткарат. Кыргызстанда өтө сейрек учуроочу канаттуулардын бири – каракур. Ал Ысык-Көл, Кемин өрөөндөрүндөгү карагайлуу токойлордо гана жашайт. Республиканын башка аймагына эмнеге тарабаганы аныктала элек. Тоодак, безбелдек, булдурук, карабоор, токой чили жарым чөл жана чөл аймактарын мекендейт. Булардын саны барган сайын азаюуда. Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көлдө жылдын бардык мезгилинде өрдөк, кайырма-соно, чүрөк, кыл куйрук, боз каз жана башкалар жашайт. Алар промыселдик мааниге ээ. Ысык-Көлдө уникалдуу куштар – мала жана тармал бир казандар, тармал кышылдак куу, куркулдак куу, боз каз өңдүү сейрек учуроочу канаттуулар кыштайт. Алгыр куштардан бүркүт, карчыга, шумкар, ителги, кыргый жана башкалар бар. Кыргыздар эзелтен аларды таптап, көп айбанаттар менен канаттууларга (түлкү, коён, кыргоол, өрдөк, кекилик жана башка) салып келишкен. Бирок азыр бүркүт, шумкар жана башка алгыр куштардын саны бир кыйла азайып кетти. Алардын санын сактап калуу жана көбөйтүү максатында 1979-жылы Ысык-Көлдө алгыр куштардын жайы (Орто Азияда биринчи) ачылган. Промыселдик маанидеги канаттуулар - бөдөнө, кекилик, чил жана өрдөк. Канаттуулардан, айрыкча, улар, тоодак, безбелдек азайып кетти. Тоодак менен безбелдек таптакыр жоголуу коркунучунда.

Сүт эмүүчүлөр түзөтүү

Сүт эмүүчүлөрдүн 86 түрү жашайт, анын ичинде курт-кумурска жечүлөрдүн 5, кош канаттуулардын 11, коён сымалдуулардын 4, кемирүүчүлөрдүн 33, жырткыч сүт эмүүчүлөрдүн 22, ача туяктуулардын 6 түрү бар. Кыргызстанда сейрек учуроочу жаныбарларга марал, аркар, сүлөөсүн, илбирс жана күрөң аюу кирет. Алар Теңир-Тоонун карагайлуу токойлорун жана бийик тоолуу Арпа, Аксай, Суусамыр өрөөндөрүн мекендейт. Бул жаныбарлар ыксыз аңчылык кылуунун негизинде көп аймактарда жоголуп кеткен, ошондуктан алар Кызыл китепке катталган. Кыргызстандын үңкүрлөрүндө жашоочу жарганаттар көбүнчө респ-нын мөмө-жемишке бай түштүк аймактарында жашайт. Мындан бир нече жыл мурун эле жарганаттын көп түрү болгон, азыр анын айрым түрлөрү таптакыр жок болуп кеткен. Кан соргучтар менен азыктанышып, алардын санын жөнгө салып турат. Кыргызтандын табигый байлыктарынын бири – кызыл, боз жана мензбир суурлары. Республиканын түндүгүндө көбүнчө боз, түштүгүндө кызыл суур таралган. Чаткал кырка тоосунан кездешкен мензбир сууру Теңир-Тоонун реликти болуп эсептелет. Карышкыр, түлкү, кашкулак, арыс – кеңири таралган жырткыч айбанаттар. Алар республиканын бардык өрөөндөрү менен тоолорунда кездешет. Качандыр бир убакта балык жашаган суулардын баарында кездешкен кундуз азыркы күндө дээрлик жоголуп кеткен. Аң терисин даярдоодо негизги орунду суур, түлкү, сары чычкан, ондатра (жылан куйрук), суусар ээлейт. Териси баалуу илбирс менен сүлөөсүн да жолугат. Булардын баары Кызыл китепке катталган. Аң уулоочу айбанаттардын ичинен тоо эчки, доңуз, элик сан жагынан бир кыйла көп. Жаңы жерлерди өздөштүрүү суур менен сары чычкандын таралуу аймагын тарытып жиберди, ошол себептен аң уулоочу жырткыч айбанаттар (түлкү, күзөн жана башка) үчүн азык болгон кемирүүчүлөрдүн саны да азайды; көлмөлөрдүн жээктериндеги чөп чабуу, мал жаюу ондатранын тоют базасын кескин түрдө начарлатты. Өрөөндөрдү өздөштүрүү, айыл-кыштак, шаарлардын көбөйүшү, өнөр жайдын кеңири кулач жайышы көп айбанаттардын азайып кетишине алып келди. Натыйжада айрым айбанаттардын түрлөрүнүн популяциялары микропопуляцияларга бөлүнүшүп, кээ бир жерлерде жок болуп кетишүүдө. Ошол эле убакта айрым түрлөр мол азыктын эсебинен ыгы жок көбөйүп келүүдө. Жерди өздөштүрүү менен малдын санын арбытуунун уруксатсыз аңчылык кылуунун натыйжасында жаныбарларды аёосуз жок кылуу кошумчаланган. Мисалы, жейрен (кыргыз жейрени, каракуйрук) мурда республиканын көп аймактарында жашачу. Кийин алар Ысык-Көлдүн батышында, Чүй, Кочкор өрөөндөрүндө гана калган. Бирок, азыр алардын калган бир азы Казакстандын аймагына ооп кетти.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедиялык борбору, 2004 ISBN 9967-14-006-2 ©