Кыргызстандагы жапыз тоолор жана адырлардын рельефи

Кыргызстандагы жапыз тоолор жана адырлардын рельефиЖапыз тоолор жана адырлар комплекси негизги кырка тоолор менен аккумулятивцик түздүктөрдүн ортосунда жайгашкан дөңсөөлүү адырларды ээлейт. Бул крмплекске Фергана өрөөнүн курчаган адырлар менен жапыз тоолор, Тескей, Кыргыз жана Талас Ала-Тоолорунун түндүк капталдарындагы төртүнчүлүк мезгилинде түзүлгөн калың чөкмөлөрдүн катмарлары кирет. Фергананын адырлары менен Чоң-Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы деңсөөлүү түзүлүштөрдүн рельефи мезозой-кайнозой чөкмөлөрүнөн түзүлгөн, ал эми башка жерлерде дөңсөөлүү адырларды түзгөн тоо тектери негизинен кайнозойлук чөкмөлөрдөн турат.

Кыргызстан.

Жапыз тоолордун жана адырлардын өзгөчө Фергана жактагы адырлардын рельефи эң татаал болгон. Бул комплекске кирген рельефтин түрлөрүнө көбүнчө дөңсөөлөр, антецеденттик өрөөндөр жана ички ойдуңдар менен өрөөндөр мүнөздүү. Рельефтин формаларынын негизги бөлүгү дөңсөөлөр, Ферганада «адырлар» деп, ал эми Түндүк Тянь-Шанда «прилавки» деп аталышат. Тилмеленүүнүн тереңдиги 200—300 м ден 500 м ге чейин. Адырлардын арасындагы ички ойдуңдар менен өрөөндөр негизинен төртүнчүлүк мезгилинин борпоң тектерине толгон. Алардын калыңдыгы 100—200 м ге жетет. Кээде ал чөкмөлөр тоо этектериндеги жайылган конустарды (шлейф) түзүшөт, кээде тектирленген аллювиаддык түздүктөрдү пайда кылышат. Тилмеленүүнүн тереңдиги 20—50 м ге чейин, кээде 100 м де да байкалат.

Жапыз тоолордун жана адырлардын окшош геоморфологиялык комплекстери Ички Тянь-Шандын тоо арасындагы өрөөндөрүндө, ойдуңдарында да таралган. Ички ойдуңдардын жана өрөөндөрдүн калыптаныш убагы палеоген жана неоген мезгилдерине кетип, аларда чогулган чөкмөлөрдүн калындыгы 2500— 3000 м ге жетет. Негизинен ал чөкмөлөр ар түрдүү составдагы моласстар. Төртүнчүлүк мезгилинин башындагы жалпы көтөрүлүүдө ал ойдуң-өрөөндөр кырка тоолор менен кошо көтөрүлгөн. Ортонку жана соңку төртүнчүлүк мезгилиндеги көтөрүлүүлөрдүн ар кандай ылдамдыгы менен багыттары азыркы кездеги рельефтин тектоника-эрозиялык-аккумулятивдик типтерин калыптандырган. Рельефтин формалары — үстү кескин арсак-терсексиз «бедленд» сыяктуу майда тилмеленүүгө учураган анча бийик эмес калдык тоолор; ар кандай даражада тилмеленген жана анча-мынча өнгүл-дөңгүлдүү жантайыңкы түздүктөр; терең кирген тектирлүү суу өрөөндөрү. Тилмеленүүнүн тереңдиги 300—450 м ге чейин жетет.

Ички өрөөндөрдөгү кырка тоолорду бойлогон жапыз тоолордун арасындагы ойдуңдардагы төртүнчүлүк мезгилинин чөкмөлөрү анча калың эмес (адатта 20—30 м, кээде 100—150 м ге чейин). Алар түз жерлерде жана жалпак тарткан дөбөлөрдүн үстүндө таралган. Өрөөндөрдүн таманындагы чөкмөлөр эрозиялык тилмеленүүгө толугу менен учурап, түпкү тектердин ачылышы бул геоморфологиялык комплекске мүнөздүү абал. Жапыз тоолор менен адыр сымал түзүлүштөрдүн эң жакшы таралган региону Алабуга-Нарын ойдуңу, Ал жерде рельефтин мындай комплекстерин чаптар деп аташат.