Башбаракты ачуу

Кыргызстандын архивдери

Кыргызстандын архивдери — Кыргыз Республикасына тийиштүү архивдер.

Кыргыз Республикасынын архив тармагынын курамын 3 борбордук, 8 облустук, 53 райондук шаардык мамлекеттик архивдери түзөт.

ТарыхыОңдоо

Совет убагындаОңдоо

Кыргыз жергесиндеги архивдик иш 1926-жылы Кыргыз АССРи түзүлгөндөн баштап башталган. Бул жылдын 30-августунда архивдик ишти уюштуруу боюнча токтом кабыл алынса, 26-сентябрь күнү бардык архивдик маалыматтарды чогултуп,бирдиктүү фонд түзүү максатында КАО аткаруу комитетинин алдында архивдик бюро түзүлгөн. Архивдик бюро 1927-жылдын март айында, эми Кыргыз АССРинин архивдик башкармачылыгы болуп кайра түзүлгөн. Натыйжада ошол мезгилде Архивдик башкармачылыктын филиалдары — кантархивтер (кантондук архивдер) да пайда болот.

Кийин, 1938-жылы кантондор жоюлуп, булар "райондук архивдер" болуп өзгөргөн. Ошол эле жылы Архбашкармачылык ИИМдин карамагына өтүп, анын алдындагы "архивдик бөлүм" болуп аталат. 1941-жылы Мамлекеттик Фоно-Фото-Кино Документтеринин архиви түзүлөт. Согуштан кийин архивдик филиалдар бардык райондорго жайыла баштайт.

1960-жылы болсо республикадагы бардык архивдик мекемелер Министрлер Советинин карамагына өтүп, анын алдындагы архив болуп түзүлөт. Кыргыз ССРинин Президиумунун указы менен 1963-жылдын 15-апрелинде мамлекеттик архив тармактарын реорганизациялоо ишке ашкан. Кыргыз ССРинин МинСоветинин 1964-жылдын 4-марттагы №121 токтомуна ылайык Кыргыз ССРинин мамлекеттик архивдеринин түйүнү бекитилген жана алардын филиалдары менен тейлөө аймактары белгиленген. 1968-жылдын 4-апрелинде Минсоветтин №121-токтомуна ылайык мамархивдерди күчөтүү боюнча, 1-августта болсо ийрилештирилген филиалдардын алдында ведомстволук документалдык материалдарды кайра иштетүү боюнча атайын топтор түзүлгөн. Мында, иш кагаздарды илимий техникалык иштетүү принциби эң биринчи орунга чыгарылат. 1984-жылы Борбордук Мамлекеттик Архивден БМ Илимий-Техникалык Архив бөлүнүп чыккан.

Эгемен жылдардаОңдоо

КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-апрелиндеги №264-чечиминин негизинде райондук архивдерге "мамлекеттик архив" деген статус берилет.

Мамлекеттик архивдерОңдоо

Кошумча караңызОңдоо

Атайын сайттарОңдоо

Колдонулган булактарОңдоо

  • Сазанова К.К. Тарых мурастарына тагдырлаш архивчилер//"Рух кенчи" гезити. —№8 (92) август. —Бишкек:"ММК колдоо боюнча борбор" коомдук фондунун басмаканасы, 2002. —13-б.

ШилтемелерОңдоо