Кыргызстандын геологиялык түзүлүшү жана кен байлыктары

Геологиялык түзүлүшү жана кен-байлыктары

Кыргызстандын геологиялык түзүлүшү татаал. Ал палеозойдун Урал-Монгол-Охота жана мезозой-кайнозойдун Жерортолук деңиздик геосинклиналдык кырчоолордун тирешкен жеринен (Чоң Алай терең жаракасынын эки капталынан) орун алган. Палеозойдук кырчоо түштүккө, ал эми мезозой-кайнозойдук кырчоо түндүккө багытталган доголор аркылуу сүзүшүп турат. Көптөгөн катуу жер титирөөлөрдүн очоктору ушул кырчоолордун тирешкен жеринде жайгашкан. Бул жерден түштүгүрөөктө байыркы (палеозойго чейинки) Корей-Кытай платформасынын блоктору орун алган (Тарим массиви ж. б.). Теңир-Тоонун дагы бир өзгөчөлүгү – кайра жаралган (академик В.А.Обручев) же эпиплатформалык (орогендерге) тоолорго (А.Л. Яншин, В.Е. Хаин ж. б.) киргендигинде. Деңиз деңг. 401 мден 7439 мге чейинки бийиктиктерде (тепкичтерде) жаткан Кыргыз жергесинде бардык геол. замандардын катмарлары кездешет. Алардын геохронологиялык жашы байыркы организимдердин палеонтологиялык калдыктары аркылуу аныкталган. Ошондуктан Теңир-Тоонун геологиялык түзүлүшү Евразиянын 600 млн жылдан берки тарыхын чечмелегенге эталон катары каралат. Кырг-н кеңдик багытта созулган 4 геол. аймакка (тилкеге) бөлүнөт: Түндүк, Ортоңку, Түш. Теңир-Тоо ана Түн. Памир. Түн. жана Ортоңку Теңир-Тоону Теңир-Тоонун негизги жаракасы бөлүп турат. Ортоңку жана Түш. Теңир-Тоону Чаткал-Нарын-Карасуу, Атбашы-Эңилчек, Түш.Фергана жаракалары ажыратат. Айрым изилдөөчүлөр (А.В. Пейве, 1945) мындай структуралар мантияга дейре жетип, жүздөгөн млн жылдар бою кыймыл аракетте болуп келген терең тик жаракалар деп эсептешкен. Талас – Фергана жаракасын терең горизонталдык багыттагы чоң жылыштын (сдвигдин) даана мисалы катары караган.

Азыркы күндө Ортоңку жана Түш. Теңир-Тоо түн.-батышка созулган Талас– Фергана жылышуусу менен батыш жана чыгыш секторлоруна ажырап турат.

Батыш сектору чыгыш секторунан түн батышты карай 200 км аралыкка жылып кеткен. Көпчүлүк геологдордун пикири боюнча бул жылыш 230 млн жылдан бери болуп келүүдө. Конседиментациялык структуралардын мүнөзү мындан мурда эле горизонталдык жылыш болуп келгенин көрсөтүп турат Талас – Фергана жаракасынын түш.-батышында горизонталдык багыттагы татаал айлануу кыймылы болуп жаткандыгы да Фергана горизонталдык бүктөлүүсүн (флексурасын) баяндаган Д.И. Мушкетовдун пикирин Талас – Фергана горизонталдык жылышын ачкан В. Н. Огнев андан ары улады. Кырг-ндын геол. түзүлүшү, жашы, курамы жана калыптануу шарты боюнча кескин айырмаланган төрт мегакомплекске (чоң кабатка) бөлүнөт (А.Б. Бакиров ж. б.): архей-астынкы протерозой; протерозой; үстүнкү протерозой-палеозой; мезозой-кайнозой. Биринчи, үчүнчү мегакомплекстер континенттик жана океандык геодинамикалык абалдарда, экинчи жана 4 мегакомплекстер жалаң эле континенттик абалда жаралган тоотектерден түзүлгөн. Биринчи мегакомплекстин океандык кыртыштары ультра-базиттерден, амфиболиттешкен базиттерден жана силициттерден турат. Экинчи протерозой мегакомплексиндеги тоотектер континенттик шарттарда, континенттин ичиндеги рифтерде пайда болгон. Биринчи жана 2-мегакомплекстердин тоотектери Түн. жана Ортоңку Теңир-Тоодо жолугат. Жогорку протерозой-палеозой мегакомплексинин тоотектери Кырг-ндын көптөгөн геол. Тилкелеринен кезигет. Континенттик, о. эле океандык абалда пайда болгон геол. түзүлүштөр да бар. Океандык бассейндин жабылуу убактысы боюнча астынкы палеозойлук (каледондук) жана үстүнкү палеозойлук (герциндик) болуп эки комплекске бөлүнөт. Океандык шарты Түн. жана Түш. Теңир-Тоонун офиолиттеринен баамдалат.

Ортоңку жана үстүнкү палеозойдо Түн.жана Ортоңку Теңир-Тоо түндүктөгү аймактар менен биригип, Кыргыз-Казак микроконтинентин (эпигеосинклиналдык тоолор менен ойдуңдарды) түзөт. Океандык абал Түш. Теңир-Тоонун аймагында сакталган (силур-астыңкы карбон). Жогорку палеозойдо Түш. Теңир-Тоодо да континенттик кыртыш түзүлөт. Алар орто кычкылдуу, кычкылдуу жана щелочтуу магма тоо тектеринен континенттик шарттарда пайда болгон.

Түн. Памирде Тетис деңиз бассейнине тиешелүү мезозой-кайнозойдун тоотектери сакталып калган. Теңир-Тоонун мезозой-кайнозой мегакомплекси эки комплекстен турат. Мезозой-астынкы кайнозой платформалык комплекси негизинен юранын таш көмүрлүү катмарларынан, бор-ортоңку палеогендин чопо, акиташ тектеринен турат. Бор-палеогенде пайда болгон базальттар да учурайт. Үстүнкү кайнозой орогендик комплекси бүт бойдон олигоцен-голоцендеги ойдуңдарда жолугат. Континенттик тоотектер кызыл түстүү, арасында туздуу катмарлар жолугат. Жаш платформалык комплекс Талас – Фергана жаракасынан түш.-батышта жатат. Аларда мунайдын жана табыйгый газдын кендери пайда болгон. Талас–Фергана жаракасынын түн.-чыгыш капталында мунай, газдуу катмарлар белгисиз.

Бул жерде жаш тоолор (оргендер) басымдуу болгон. Кайнозойдун аягында жаш тоолор Кыргызстандын бардык жеринен орун алат. Айрыкча антропоген мезгилинде тоолор өтө бийик көтөрүлгөн. Муну жогорку палеогенантропоген тоотектеринин ойдуңдардагы калыңдыгы (4–6 км) же ошого барабар келген тоолордун бийиктиги айгинелеп турат. Геофизикалык маалыматтар боюнча Кырг-ндын түндүгүндө жер кыртышынын калыңдыгы 50 км, ал эми түштүгүндө 75 кмге жетет. Мезозой–алгачкы кайнозойго караганда антропогенде жер кыртышы 15–35 кмге калыңдап калгандай. Демек, ал Теңир-Тоо тынымсыз кыймылда экендигин далилдейт. Анткени түндүктөн Евразия, түштүктөн Индия-Австралия литосфералык плиталары бирибирине карай жылып тирешүүдө. Муну жогорку палеоген-антропогендеги (35 млн жылдагы) 4–6 кмге жеткен тик ылдый-өйдө жылышуудан көрөбүз. Ошол эле учурда, Теңир-Тоо орогенинин туурасы жылына орто эсеп менен 20 мге кууштап баратат деген маалымат бар. Буга Талас–Фергана түз багыттагы жылышы да мисал боло алат.

Жер титирөөлөр (сейсмдүүлүк) түзөтүү

Кырг-нда жылына 1500гө чейин жер титирөө болот. Мындай жогорку сейсмдүүлүктү геодинамикалык процесстердин активдүүлүгү жана геол.-тектон. түзүлүштүн татаалдыгы шарттайт. Теңир-Тоо аймагында байыркы мезгилдерде болуп өткөн катуу жер титирөөлөрдү сейсмогравитациялык көрүнүштөрдөн (уроо, үзүлүү, жеркөчкү, бөгөт көлдөр) билүүгө болот. 1887-ж. Алматы ш-нын жанында өтө катуу жер титирөө болуп, ал Кырг-ндын аймагында да сезилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү