Кыргызстан Тарыхчылар Жамааты

Кыргызстан Тарыхчылар Жамааты (КТЖ) - пост-советтик Кыргызстандагы тарыхчы окумуштууларды 1995-2011-жылдары баш коштурган коомдук чыгармачыл уюм.

Кыскача тарыхы түзөтүү

Ал мурдагы Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты (КЖТЖ) коомдук уюмунун негизинде 1995-жылы күзүндө кайра уюшулган.

1995-жылдан 2011-жылга чейин уюмду тарыхчы Кыяс Молдокасымов жетектеди.

Анын орун басарларынын бири - археолог Кубатбек Табалдыев болду.

Уюмдун сүрөөнчүлүгү менен Кыргызстан, Борбордук Азия жана кыргыз улутунун тарыхына арналган бир катар жаңыча жазылган илимий монографиялар жана окуу китептер жарык көргөн, археология жана этнография боюнча илимий сапарлар уюштурулган.

2012-жылдын 11-февралында бул уюмдун түзүүчүлөрү жана башка тарыхчы окумуштуулар, аспиранттар жана студенттер КТЖнын ордуна "Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмесин негиздешти.

Адабият түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү