Кыргызстан журналисттер союзу

Кыргызстан журналисттер союзу — ыктыярдуу коомдук чыгармачыл уюм. 1959-жылы негизделген. Басма сөз, телекөрсөтүү, радиоуктурууга, журналист кадрларды даярдоо жана тарбиялоодогу алдынкы тажрыйбаларды жыйынтыктоо, ошондой эле жайылтуу максатын көздөйт. 13 чыгармачыл секция жана комиссия иштейт. Кыргызстан журналисттер союзунун Ош, Ысык-Көл, Нарын областтарында, республиканынын борборунда бөлүмдөрү иштеп, кийин алар Жалал-Абад, Баткен областында түзүлгөн союз башкармалыгынын алдындагы чыгармачыл фотостудия уюштурулган (1967). ММКларда эмгектенип жатышкан журналисттердин чыгармачылык жигердүүлүгүн, коомдо ойногон ролун күчөтүү максатында Кыргызстан журналисттер союзу республикалык газета-журналдардын редакциялары жана Телекөрсөтүү, радиоуктуруу мамлекеттик комитети менен бирдикте ар кандай багыттагы конкурстарды өткөрүп келген. Учурда Кыргызстан журналисттер союзунан башка Кыргызстан журналисттеринин профсоюзу, «Медиа өкүлчүлүк институту» сыяктуу өз алдынча аталган уюмдар түзүлгөн.

Төрагалары

түзөтүү
  • Т. Суванбердиев (1958—66)
  • А. Токомбаев (1966—71)
  • А. Абакиров (1971—76)
  • Ж. Турсунов (1976—86)
  • Т. Ишемкулов (1986—93)
  • А. Султанбаев (1993-жылдан)

Колдонулган адабияттар

түзөтүү