Кыргызстан композиторлор союзу

Кыргызстан композиторлор союзу — композиторлор менен музыка таануучуларды бириктирген ыктыярдуу коомдук чыгармачыл уюм. 1939-жылы уюшулган. Негизги милдети — элибиздин музыкалык маданиятынын ар тараптан өсүшүнө көмөк көрсөтүү менен анын терең идеалдуулугуна жана көркөмдүгүнө көз салуу, музыкалык кадрларды чыгармачылык жактан тарбиялап, алардын профессионалдык чеберчилигинин өсүшүнө жардам көрсөтүү. Кыргызстан композиторлор союзунун иш-аракеттери композиторлордун жаңы чыгармаларына талкуу уюштуруп, аны угуучуларга жайылтууга, эмгекчилер менен чыгармачылык жолугушууларды өткөрүп, элди эстетикалык жактан тарбиялоого багытталган. Союздун жогорку жетекчи органы — съезд. Аткаруучу органы — башкарма, ал жылына 1—2 жолу пленум өткөрүп, өзүнүн курамына пленум аралыгында чыгармачылык жана практикалык ишти жетектөөчү секретариатты шайлайт. Кыргызстан композиторлор союзунун өткөн съезддери: 1-съезди — 1948-жылы октябрда, 10-съезди — 2004-жылы июнда өткөн. Кыргызстан композиторлор союзунун Башкармасынын төрагалары — А. Малдыбаев, М. Абдраев, К. Молдобасанов, С. Осмонов, С. Субаналиев, К. Асанбаев 2009-жылдан Т. Чокиев.

Колдонулган адабияттар түзөтүү