Калый Молдобасанов

К. Молдобасанов‎»‎ барагынан багытталды)

Молдобасанов Калый (1929-ж. т., Ак-Талаа району, Терек айылы - 29.5.2006) - композитор жана дирижёр, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1974), СССРдин эл артисти (1979), Социалистик Эмгектин Баатыры (1991).

Калый Молдобасанов
Негизги маалымат
Туулган жери

Терек айылы, Нарын, Кыргыз АССР, РСФСР, СССР

Өлкө

ССРСКыргызстан

Кесиптери

композитор, Калып:Кинокомпозитор, дирижёр, Калып:Музыка педагогу

Жамааты

А.Малдыбаев атындагы КМОБТ

Кызматташтык

Б.Бейшеналиева атындагы КМИИ

Сыйлыктары
Социалисттик Эмгектин Баатыры  — 1991
3- даражадагы «Манас» орени
3- даражадагы «Манас» орени
1- даражадагы «Манас» орденинин ээси
1- даражадагы «Манас» орденинин ээси
Ленин Ордени  — 1991 Эмгек Кызыл Туу ордени — 1968 «Ардак Белгиси» ордени  — 1958
Владимир Ильич Лениндин төрөлгөн күнүн 100-жылдыгын салтаннаттык менен белгилөө юбилейлик медалы
Владимир Ильич Лениндин төрөлгөн күнүн 100-жылдыгын салтаннаттык менен белгилөө юбилейлик медалы
СССР эл артисти— 1979 ССРС мамлекеттик сыйлыгы — 1976

Өмүр таржымалы түзөтүү

1946-ж. М. Күреңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын, 1954-ж. Чайковский атындагы Москва консерваториясынын улуттук бөлүмүн, 1973-ж. Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. Мусулманкулов Молдобасандын уулу 12 жашынан эл аспаптар оркестрине катышып, анын жетекчиси П. Ф. Шубинден таалим алган.
1954-72-ж. Кыргыз опера жана балет театрында дирижёр, башкы дирижёр.
1973-жылдан Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда композиция классы боюнча педагог жана Кыргызстан композиторлор союзунун төрагасынын орун басары, 1979- 96-ж. анын төрагасы, ошол эле мезгилде 1983-86-ж. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору, 1996-жылдан Кыргыз мамлекеттик академиясы опера жана балет театрынын башкы дирижёру жана көркөм жетекчиси.

Чыгармалары түзөтүү

Молдобасановдун симфониялык бийлери, сюиталары, кантаталары, ондогон аспаптык пьесалары, 50дөй вокалдык чыгармалары жана башкалары бар. Ал элдик обон-күүлөрдү иштеп чыккан, эл аспаптар оркестри үчүн оригиналдуу чыгармаларды жараткан. Балдарга арналган ырлары жана аспаптык чыгармалары да арбын («Кыргыек», «Бак тигели», «Кызыл топ», «Жамгыр» жана башка). Элге кеңири маалым чыгармалары: «Гүлдө, Кыргызстан» (1964), «Шаңдан, Кыргызстан» (1974) кантаталары, «Биздин күндүн адамдары», «Достук», «Бактылуу жаштык» симфониялык сюиталары, «Кыздын ыры» (1963), «Жайлоодо» (1958), «Өрттөнсүн бозой жалынга» (1961), «Кел вальсы» (1969) ырлары жана башка. Алгачкы көлөмдүү чыгармасы «Куйручук» балети (Г. Окунев менен бирге) жаш композиторлордун бүткүл союздук конкурсунда сыйлыкка ээ болгон (1960). «Саманчы жолу» балет ораториясы кыргыз профессионалдык музыкасына жаңылык киргизген. Жер, дан, гуманизм, граждандуулук жөнүндөгү терең мазмундуу бул чыгарма эң жогорку баатырдык менен лиризмди, терең философиялык ой жорууларды музыка менен айкалыштырган. Ал Болгария, Чехия, РСФСРдын көп шаарларында коюлган. Анын катышуусу менен «Манас» (Власов, Малдыбаев, Фере, 1966), «Белгисиз солдат» (Молчанов, 1967), «Отелло» (Верди, 1968), «Борис Годунов» (Мусоргский, 1972), «Айчүрөк» (Власов, Малдыбаев, Фере, 1986) опералары жана «Асел» (Власов, 1967) балети коюлган. Анын «Маңкурт жөнүндө баян» (1990) балети чоң ийгиликке жетишкен. Кыргыз Республикасынын Гимнинин авторлорунун бири. Ал Москва, Ленинград, Алматы, Новокузнецк жана башка шаарлардын театр спектаклдерине да дирижёрлук кылган.

Сыйлыктары жана ордендери түзөтүү

СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1976).
Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты (1975-90), СССР эл депутаты (1989). Ленин, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси», 3-даражадагы «Манас» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү