Кыргызстан обондору, радио

"Кыргызстан обондору" үналгысы - Кыргызстанда угармандарга кыргыз тилинде гана ыр жана күүлөрдү тартуулаган биринчи радиостанция. 1999-жылы Медиа группа "Европа" компаниясынын алкагында "Кыргызстан Обондору" үналгысы түзүлүп, алгачкы жолу эфирге 24-январда чыккан. "Кыргызстан Обондору" бул - мамлекеттик тилде жумасына 7 күн, 24 саат бою иштеген көз карандысыз радиостанция. "Кыргызстан Обондору" - кыргыз элинин руханий баалулугун, анын бай көркөм жана музыкалык мурасын, ошондой эле адабий тилди өнүктүрүүгө багытталган.

Радиоберүү толугу менен менталдык, аймактык жана улуттук мүнөздө түзүлгөн. Ал эми анын музыкалык форматы Кыргызстандын музыка дүйнөсүн толугу менен камтыйт.Эфирде классик жана жаш таланттардын аткаруусундагы эстрада музыкасы менен бирге өткөн жылдардын хиттери, улуттук күүлөр, эпикалык чыгармачылык, автордук ырлар, учурдун жана мурдагы алтын хиттер жаңырат. "Кыргызстан Обондору" - ар түрдүү жанрдагы жана багыттагы жалан гана кыргыз музыкасын берүүчү радиостанция. Кыргызстанда 15 жылдын ичинде кыргыз тилдүү радиостанциялар арасында биринчи орунда туруп, кыргыз эстрадасын өнүктүрүүгө чоң салымын кошуп келет. Станциянын урааны - "Жашоо керемет!"


Башсөз тексти түзөтүү

Радиостанциянын угармандары түзөтүү

15 жаштан 60 жашка чейинки мырзалар жана айымдар. Потенциалдык аудиориясы 3 300 000 адам.

«Кыргызстан Обондору» өлкөдө эң чоң берүү аймагын камтыган коммерциялык радиостанция болуп эсептелет.

  • Бишкек жана Чүй облусунда (FM 106,5)
  • Ысык-Көл облусунда – (FM 87,9)
  • Ош жана Жалал-Абадда – (FM 106,5)
  • Талас облусунда – (FM 87,5)
  • Баткен облусунда – (FM 104,3)
  • Нарын облусунда – (FM 93,3)

"Кыргызстан Обондорундагы" программалар түзөтүү

1. "Эрке таң" - ар түрдүү кызыктуу рубрикалар жана оюндар менен коштолгон эртең мененки шоу-программа. 2. "Шашкан буттар" - угармандар менен ар кандай темада кызуу талкуу жүргүзүү, мыкты музыка жана мыкты маанай тартуулаган кечки шоу-программа. 3. "Ыр кесе" - программага каалаган эмгекчил жамаат катышып, түз эфирде ырдап, тамашага батып, оюн куруп кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. 4. "Жылдыздар жансын долбоору" - долбоорго эл арасындагы таланттуу ырчы, комузчу, аккардеончулар катышып, өз өнөрүн эл алдына чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алат. 5. "Ыр - дүкөн" - куттуктоо программасы. 6. "Хит-20" - Угармандар тандаган мыкты ырлардын тизмеги. Музыка дүйнөсүндөгү жаңылыктар.

"Жаңылыктар" кызматы түзөтүү

Кыргызстан Обондорунда жаңылыктар түрмөгү күнүнө 11 жолу, эртең мененки саат 8ден кечки 20.00гө чейин чыгат. Радиостанциянын жаңылыктары бул - республикада болуп жаткан окуяларды объективдүү жана ыкчам баяндоо. Жаңылыктар кызматы Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана Кыргызстандагы «Internews Network» өкүлчүлүгү тарабынан сыйланган.


"Кыргызстан Обондору" үналгысынын өздүк сайты түзөтүү

www.obondoru.kg - радионун интернет баракчасындагы жашоосу.

  • Радиостанциянын жашоосу жөнүндөгү эксклюзивдүү аудио жана видео отчеттор
  • Акыркы окуялар, жаңылыктар
  • Жаңы хит жана клиптердин бет ачаары
  • Кыргызстандын шоу-бизнеси тууралуу жаңылыктар
  • Ди-джейлердин өз баракчалары


Сыйлыктары түзөтүү

Радиостанция жамаатынын жетишкендиктери төмөнкү наамдар менен сыйланган;

  • «Алтын калем» Президенттик сыйлыгы (Золотое перо) 2001;
  • Радиостанциялардын арасында өткөрүлгөн «Fmmy 2003»» фестивалынын "Кыргыз тилин жайылтуу үчүн" номинациясы;
  • «Кыргызстандын жыл тандоосу» боюнча «2003-жылдын Кыргызстанда №1-мамлекеттик тилдеги тармактык радиостанциясы»;
  • Кыргыз Республикасынын Президенти алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссия тарабынан "Улуттук тилди өнүктүрүү үчүн" ардак грамотасы менен сыйланган.

Колдонулган булактар түзөтүү