Кыргыз-Буруттар – Астрахань (Россия Федерациясы) ногойлорунун ичиндеги ири уруу. Айрым иликтөөчүлөрдүн пикиринде (И.Георги, Т.А.Трофимов жана башка) кыргыз буруттар 1758-жылы калмактардын акыркы толкуну менен келгендиги айтылат. 1782-жылы увачалык бурут татарларда жүргүзүлгөн эл каттоодо калмактардан бөлүнүп чыккан кыргыз буруттардын саны 350, анын ичинде утар-алабугаттардын курамында 200, калгандары болсо ногой карагаштардын курамдарына жуурулушкандыгы баяндалган. Акыркылар ногой утарлардын ичиндеги эң сыйлуу, ак сөөк кыргыз уругун түзүшөт.

Колдонулган адабият түзөтүү

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү