Кыргыз-Ойрот согуштарыЖуңгар хандарынын кыргыздарга каршы жүргүзгөн баскынчылык жортуулдары, согуштук экспанциясы.

Кыргыз-Ойрот Согуштары (17-18 кк)
Токмок согушу (1643)
Кыргыздар
Казактар
Жуңгар хандыгы
Кыргыз-Казак коалициясынын утуусу.
Талас согушу (1658)
Кыргыздар Жуңгар хандыгы
Жуңгар хандыгынын утуусу.
Жуңгар басуусу (1681—1658)
Кыргыздар
Казактар
Өзбектер
Жуңгар хандыгы
Жуңгар хандыгы Ош, Ташкент, Өзгөн, Сайрам калааларын басып алат.
Жуңгарларга каршы согуш (1744—1745)
Кыргыздар
Казактар
Өзбектер
Жуңгар хандыгы
Жуңгарлардын аскерлерин эки жолу талкалаган.
Иле согушу (1749)
Кыргыздар Жуңгар хандыгы
Жуңгарлардан 270 аскер каза болуп, кыргыздардан 17 гана адам каза болгон.
Жуңгар кыруусу (1771)
Кыргыздар Жуңгарлар
Кыргыздар жуңгарларды кыргандан кийин 130 миң жуңгардан, 10 миң кана жанын сактап калган.

Тарыхы

түзөтүү

17-кылымдын 30-жылдарында түзүлгөн ойрот (калмак) урууларынын күчтүү союзу Орто Азияга (1626—27; 1643-, 1653-, 1658-, 1681—84; 1711—12; 1714-, 1717-, 1723-, 1725-, 1739—41; 1745—48) тынымсыз кол салып турган. Натыйжада 1635—36-жылдары 12 000 түтүн (70-80 миң киши) кыргыз Каратегин, Ысарга (Гиссар) сүрүлгөн (Махмуд ибн Валинин эскерүүсү боюнча). 1643-жылы Эрдене Баатыр коңтаажы хошут Очирту 50 миң колу менен Токмокко чейин келип, кыргыз-казактардан жеңилип кайткан. 1658-жылы Чечен (Цецен) хандын уулу Галдама (санжырада Калдама) Талас суусунун жээгинде ферганалык Абдышүкүрдүн колун жеңип, Иледе кыштап турган. 1681—85-жылдары Галдан Бошокту хандын аскери Чүй өрөөнү жана Кашкар тоолору аркылуу бир нече жолу Фергананы чаап, Ташкент, Ош, Өзгөн, Сайрам шаары чоң зыян тарткан. Чүй, Талас (Чоң-Капка, Күмүштак) өрөөндөрүндө да калмактар турганы жөнүндө маалыматтар бар. Бирок кыргыздар калмак бийлигин тааныган эмес. 1744—45-жылдары кыргыздар коңшу элдер менен бирге калмактарга каршы ийгиликтүү жүрүштөрдү уюштурган. 1745-жылы Касан шаарынын чыгышындагы миң түтүн кыргыз Абдыкерим бийге кошулуп, калмактарды Ташкент шаарынан сүрүп чыгышкан, ошондой эле кашкарлык Акмат (Ахмет) бийге жардам беришип, калмактарды эки жолу катуу талкалагандыктан, Доржу жайсаң башында турган 10 миң колдон 3 миңи гана аман калган. 1749-жылы Якоб (Ягба) Жайсаңга кол салып, 300 кишисин кырып, Кашкарды камоого алган. Кыргыз тарыхында: Иленин башында (Тарбагатай) болгон кыргыз-калмак согушунда сарыбагыш уруусунан Эсенкул баатыр, бугу уруусунан Шапак 300 кол менен калмактарга кол салган, анда 270 калмак өлүп, кыргыздар 17 кишисинен ажыраганы тууралуу айтылат. Жуңгария күч менен Цин империясынын курамына киргенден (1758) кийин да кыргыз-калмак согуштары уланган. 1771-жылы Волга жээгинен Уубашы башында турган калмактар (болжол менен 30 миң түтүн) Жуңгарияга качканда, кыргыздар аларды Сарытокумдан (кытайча «Шара-бэл» — Иленин Балхашка куйган сол жээги) Тамга суусуна (Кулжа шаарына жакын) чейин кууп барышкан. Калмактардан 10 миңдей киши гана Кытайга жеткен. Кыргыз-калмак (ойрот) согушунун окуялары элдик оозеки адабияттарга, санжыраларга жана эпосторго («Манас», «Эр Табылды», «Курманбек», «Гүлгаакы» ж. б.) кирип, жер-суу аттары («Калмак-Коргон», «Калмак-Таш», «Калмак-Ашуу», «Калмак-Кечүү» ж. б.) да Кыргыз-калмак (ойрот) согушуна байланыштуу аталып калган.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү