Кыргыз Республикасындагы аялдар менен эркектер" гендердик бөлүштүрүлгөн статистика жыйнагы

"Кыргыз Республикасындагы аялдар менен эркектер" гендердик бөлүштүрүлгөн статистика жыйнагы – кеңири колдонуучулар чөйрөсү үчүн социалдык-саясий турмуштун бардык өңүттөрүндөгү эркектер менен аялдардын абалын толугураак чагылдыруу жана коомдогу гендердик көйгөйлөр тууралуу кабар берүү максатында жынысы, курагы сыяктуу социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча бөлүштүрүлгөн такай жарыяланып туруучу расмий статистикалык документ.


"Эркектер менен аялдардын бирдей укуктар жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнө берилген мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" (2008) жана "Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук жактан коргоо жөнүндө" (2003) КРнын мыйзамдарына ылайык, республикадагы гендердик статистикалык дайындар жөнүндө маалымат топтоо ишин Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети (УСК) жетектейт[1]. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар жана уюмдар УСКке гендердик маселелерге байланыштуу тийиштүү маалымат берип турушат.


Өз алдынча тармак катарында гендердик бөлүштүрүлгөн статистика маселелери 90-жылдардын аягында көтөрүлө баштаган. Анын жардамы менен мамлекеттик башкаруу органдары тийиштүү реформаларды жүргүзүп, ушундай дайындарга болгон зарылчылыкты баалай алышат. Бирок гендердик көрсөткүчтөр Пекин конференциясындагы максаттар менен милдеттенмелер жүзөгө ашырылган учурдан баштап тутумдаштырыла баштаган. Пекин иш-аракеттер платформасында (ПИП) 196-209-пукттар аялдардын абалын жакшыртуучу институтташтырылган механизмдерге арналат[2]. Гендердик бөлүштүрүлгөн статистиканы өнүктүрмөйүнчө, программаларды пландаштырып, түзүүдөн баштап башкаруу тутумдарын жана алардын гендердик чөйрөдөгү ишин мониторингдеп, баалоого чейинки иш-чаралар камтылган механизмдердин бирөөсү да иштебейт. Пекин конференциясында кабыл алынган чечимдерди аткаруу үчүн УСК "Кыргыз Республикасындагы аялдар менен эркектер" деген аталыштагы гендердик бөлүштүрүлгөн статистикалык жыйнагын жарыялоодо. Анда коомдун ар кандай чөйрөлөрүндөгү гендердик маселелерге байланыштуу керектүү маалымат камтылган.


Жыйнакта өлкөдөгү аялдар менен эркектердин абалына байланыштуу төмөнкүдөй маанилүү көрсөткүчтөр камтылган: калктын саны жана түзүлүшү, жашоонун узактыгы, ар кандай оорулар, студенттерди кесиптик жактан даярдоо, экономикалык чөйрөлөрдө жумуш менен камсыз болуу, башкаруу органдарында аялдар менен эркектердин саны ж.б. Топтолгон статистикалык материал экономика, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана калктын жумуш менен камсыз болушу сыяктуу чөйрөлөрдөгү гендердик теңсиздиктин деңгээлин чагылдырып берет[3].


Жарыяланып жаткан дайындар ишканалар, уюмдар, министрликтер жана ведомстволордон алынган маалыматтын, эл каттоо жана эл арасында жүргүзүлгөн изилдөө материалдарынын негизинде эларалык статистикалык стандарттарга ылайык УСКте даярдалат. Жыйнактагы маалымат чөлкөмдөр, шаарлар жана айылдар боюнча бөлүштүрүлгөн. Кыйла олуттуу гендердик аспекттер графикалык түрдө чагылдырылат.


"КРдагы аялдар жана эркектер" жыйнагынын түзүлүшү ар дайым өркүндөтүлүп турат. Маалыматка болгон муктаждыкка жооп катары, жарыяланып жаткан дайындарда коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндөгү гендердик мамилелер камтылып, анын сапаттык курамы да жыл сайын кеңейип турат. Жыйнак биринчи жолу Улуттук статистикалык комитет менен ПРООНдун Социалдык башкаруу программасы менен биргеликте "Кыргыз Республикасындагы аялдар" деген аталышта 1996-жылы жарык көргөн. 1998-жылы анын атылышы "Кыргыз Республикасындагы аялдар менен эркектер" деп өзгөрүлүп, орус жана англис тилдеринде чыгарыла баштаган. 2004-жылы БУУнун Кыргызстандагы Калкты жайгаштыруу фондусунун колдоосу менен кезектеги басылмасы үч тилде биринчи жолу жарык көргөн: орусча, кыргызча жана англисче.


2002-жылы республикада биринчи жолу болуп өткөн айыл-чарбаны каттоо иш-чарасынын аркасы менен, өлкөдөгү айыл-чарба тармагынын өнүгүүсү жөнүндө маалымат гана албастан, ушул чөйрөдө иштеген калкты гендердик белги боюнча ар тараптан талдоого мүмкүн болду. Дыйкан (фермер) чарбалары менен жеке ишкерлердин чарбаларын алардын башында турган чарба ээсинин жынысы жана курагы боюнча бөлүштүрүп мүнөздөгөн дайындар өзүнчө алынып көрсөтүлдү. Аялдардын жер үлүштөрүн, насыяларды жана өндүрүш фонддорун пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө дайындар биринчи жолу "Кыргыз Республикасындагы аялдар жана эркектер" жыйнагында жарыяланган (2000-2005). 2005-жылы БУУнун Кыргызстандагы Калкты жайгаштыруу фондусунун колдоосу менен, учурдагы статистикалык дайындардын жана бүткүл республика боюнча жүргүзүлгөн калк каттоо материалдарынын негизинде мамлекеттеги гендердик кырдаалдын талдоосу камтылган "Кыргыз Республикасындагы гендердик мамилелер" деген басылма жарык көргөн. Ошол эле жылы УСК "Кыргыз Республикасыдагы аялдар жана эркектер" жыйнагынын жаңы басылмасын чыгарып, ага БУУнун Аялдарынын өнүгүү фондусунун эксперттеринин демилгеси менен Миңжылдык өнүгүү максаттарынын көрсөткүчтөрүнүн аткарылышын мүнөздөй турган кошумча глава киргизилген.


Ички иштер министрлигинин, Жогорку соттун, Сот департаментинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Улуттук статистикалык комитеттин биргелешкен аракети жана эларалык уюмдардын колдоосу менен, жыйнактын кылмыштуулук боюнча бөлүмү үй-бүлөлүк зомбулук, аялдарга жана балдарга карата жасалган кылмыш иштеринин көрсөткүчтөрү менен кеңейтилген. Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча ведомстволук статистиканын өркүндөтүлүшү менен, 2011-жылы жыйнактын тийиштүү бөлүмүнүн жаңы таблицалары иштелип чыккан.


Учурда жыйнакта республиканын социалдык-саясий турмушунун бардык чөйрөлөрүндөгү аялдар менен эркектердин абалы боюнча көрсөткүчтөрү кыйла кеңейтилип чагылдырылган. Басылмада МӨМ боюнча бөлүм, ошондой эле төмөнкүдөй сегиз бөлүм камтылган: демографиялык көрсөткүчтөр, миграциялык агымдар, калк арасындагы ар кандай оорулар, майыптуулук, аялдар менен эркектердин билими, жумуш менен камсыз болгондук жана жумушсуздук, мамлекеттик бийлик органдарында аялдар менен эркектердин саны, калктын жашоо деңгээлинин көрсөткүчтөрү, убакыт бюджетин пайдалануу, кылмыштуулук, ошондой эле аялдар менен балдарга карата жасалган кылмыштуулук көрсөткүчтөрү, үй-бүлөлүк зомбулук.


Үй-чарбалардын жумуш менен камсыз болушуна байланыштуу көйгөйлөрдү изилдөө менен, аялдар менен эркектердин жумуш менен камсыз болушу жана жумушсуздугу боюнча кеңири маалымат алынды. Жыйнактагы экономикалык жактан жигердүү калктын саны жана курамы, жумушу бар жана жумушсуз адамдар тууралуу маалымат үй-чарбаларынын бюджетин жана жумушчу күчүн интеграцияланган изилдөө ыкмасы менен топтолот.


Турмуш-тиричилик, балдар чоңоюп жана билим алып жаткан шарттар, эмгек шарттары сыяктуу маселелер мезгил-мезгили менен изилденип, алардын натыйжалары "Кыргыз Республикасындагы аялдар менен эркектер" жыйнагында жарыяланып турат. Алсак, 2005-2010-жж. үй-чарбаларында убакыт бюджетинин колдонулгандыгы боюнча бир жолку изилдөө иштери жүргүзүлүп, алардын натыйжасында эркектер менен аялдардын бир суткалык убакыт фондусун колдонушкандыгы тууралуу маалымат алып, иштеген аялдардын убакыт бюджетин, ошондой эле үй-чарбасын жүргүзүүгө кеткен убакытты, эркектер менен аялдардын бош убакытынын бөлүштүрүлүшүн, физиологиялык керектөөлөрдү канааттандырууга кеткен убакытты аныктоо мүмкүн болду. Изилдөө иштеринин жыйынтыктары жыйнактын "Убакыт бюджети" бөлүмүндө жарыяланып, анда 12 жаштан жогору адамдардын бир суткалык убакыт фондун колдонуусуна байланыштуу статистикалык көрсөткүчтөр камтылат.


ЮНИФЕМ жана БУУнун Калкты жайгаштыруу фондусунун каржылык колдоосу менен, УСК 2006-жылы үй-чарбаларында "Аялдардын учурдагы коомдогу абалы, эркектер менен аялдардын теңчилигинин сакталышы, аялдар дуушар болгон зомбулук көйгөйлөрү жөнүндө калктын ой-пикирин билүү" деген аталышта изилдөө ишин жүргүздү. Натыйжада, мамлекеттеги аялдар менен эркектердин абалын талдап, аялдын коомдогу жана үй-бүлөдөгү абалына оң жана терс таасирин тийгизген факторлорду, ошону менен катар аялдар дуушар болгон зомбулук көйгөйлөрүн аныктоого мүмкүн болду. Изилдөөнүн жыйынтыктары 2007-жылы жыйнактын атайын бөлүмүндө жарыяланды.


УСК менен БУУнун Балдар фондусунун (ЮНИСЕФ) кызматташтыгынын алкагында DevInfo форматында "КРдагы аялдар жана эркектер" жыйнагынын электрондук дайындар базасы иштелип чыгып[4], алар атайын дисктерге жазылып, кызыкдар колдонуучулардын арасында таркатылууда. Статистикалык жыйнактын электрондук дайындар базасы («Gender-Info»), ошондой эле басылманын өзү УСКтин сайтында үч тилде жайгаштырылууда: www.new.stat.kg


«Кыргыз Республикасындагы аялдар менен эркектер» жыйнагы Пекин иш-аракеттер платформасындагы стратегиялык максаттардын бири болгон «жыныстык белги боюнча бөлүштүрүлгөн дайындарды, ошондой эле пландаштыруу жана баалоо маалыматын топтоо жана жайылтууда», ошондой эле маселелерди БУУнун Аялдарды басмырлоонун бардык формаларын жоюу конвенциясындагы (CEDAW) жана МӨМдагы көрсөткүчтөргө ылайык жүзөгө ашырууда маанилүү этап болуп саналат[5]. Басылманы мамлекеттик түзүмдөр, коомдук уюмдар, көзкарандысыз эксперттер жана башка бардык кызыкдар колдонуучулар гендердик теңчиликти орнотууну жана аялдардын бардык деңгээлдердеги мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү пландаштырууда, жүзөгө ашырууда жана мониторингдөөдө колдонушууда.


Эскертмелер түзөтүү

  1. КРнын "КРнын Өкмөтү жөнүндө" мыйзамына ылайык, "комиссия - мамлекеттин турмушундагы маанилүү маселелерди ар тараптуу чечкен уюштуручулук түзүм...". 2012-жылдын 8-июнунда КРнын Мыйзамына киргизилген түзөтүүлөрдүн негизинде бүгүнкү күнү КРнын Өкмөтүнүн түзүмүндө комиссиялар жок.
  2. "Эркектер менен аялдардын бирдей укуктар жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнө берилген мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" КРнын мыйзамы (2008), 1-берене, 8; "Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук жактан коргоо жөнүндө" КРнын мыйзамы (2003), 28-берене.
  3. Пекин декларациясы жана иш-аракеттер платформасы (1995-жыл). – С. 89-92.
  4. "Кыргыз Республикасындагы аялдар менен эркектер": гендердик бөлүштүрүлгөн статистикалык жыйнак, 2005-жыл / КРнын Улуттук статистикалык комитети – Бишкек, 2006; «Кыргыз Республикасындагы аялдар менен эркектер»: статистикалык жыйнак, 2000-жыл / КРнын Улуттук статистикалык комитети. – Бишкек, 2001.
  5. БУУнун расмий дайындары камтылган дайындар базасы. МӨМнын дүйнө жүзү боюнча жүзөгө ашырылышын мониторингдөө үчүн колдонулат [Электрондук ресурс]. – Маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнүн режими: http://devinfo.org/libraries/aspx/home.aspx Archived 2016-07-18 at the Wayback Machine

Колдонулган маалымат булактарынын тизмеси түзөтүү

  • 1. Пекин декларациясы жана иш-аракеттер платформасы (1995-жыл) [Электрондук ресурс]: URL: http://www.un.org/womenwatch/daw/beijing/pdf/BDPfA%20R.pdf
  • 2. Аялдарды басмырлоону жоюу боюнча комитет. Кыргызстандын төртүнчү мезгилдик отчету боюнча эскертүүлөр (CEDAW /C/KGZ /4) CEDAW /C/KGZ/ Q/4, Комитеттин алтымышынчы сессиясында бекитилген (16-февраль - 6-март, 2015-ж.). №12 сунуш.
  • 3. "Эркектер менен аялдардын бирдей укуктары менен бирдей мүмкүнчүлүктөрүнө берилген мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" КРнын мыйзамы, 2008-жыл, 1-, 8-берене.
  • 4. Кыргыз Республикасынын "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө" мыйзамы, 2003-жыл, 28-берене.
  • 5. Мамлекетти гендердик жактан баалоо / Азия өнүктүрүү банкы. – Бишкек, 2005.
  • 6. Статистический словарь /Гл. ред. Ю.А. Юрков; Редкол.: И.Л. Белявский, В.А. Варенов, В.И. Галицкий и др. – М.: Финстатинформ, 1996.
  • 7. Кыргыз Республикасындагы аялдар менен эркектер: гендердик негизде бөлүштүрүлгөн жыйнак / КРнын УСК, 2005 – Бишкек, 2006.
  • 8. Кыргыз Республикасындагы аялдар менен эркектер: статист.жыйнак / КРнын УСК 2000. – Бишкек, 2001.