Кыргыз Республикасынын Аскер-Аба Күчтөрү

Кыргыз Республикасынын Аскер-Аба күчтөрү (ААК)Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн абада согуша турган түрү. КР ААК ыкчам стратегиялык милдеттерди аткаруу үчүн өз алдынча да жана куралдуу күчтөрдүн башка түрлөрү менен биримдикте да аракеттенүүгө дайын согуштук зор күч.

Жоюлбас туугандык-2023 аскерий машыгуулары, Ысык-Көл, Кыргызстан.
Кыргыз Республикасынын Аскер-Аба Күчтөрү
Кыска аталышы

КР ААК

Негизги маалымат
Негизделген

29-май 1992 жыл

Муруңку түрү

Кызыл-Туулуу Орто-Азиялык Аскерий Округунун Аскер-Аба Кошуулары (КТОААО)

Кызматкерлеринин саны

2.400[1] (2022)

Резервде

8.000

Мамлекет

 Кыргызстан

Башкаруучулугу
Багынган

Садыр Жапаров

Жоопкерчиликтүү башчы

Кылычбек Айдаралиев

Түзүлүшү
Камсыздоочулар

Түркия Түркия
 Кытай
 АКШ

Эң жогорку манёврдүүлүгү бар ААК душмандын авиациялык, ракеталык, кургактагы жана деңиздеги күчтөрүнө зыян келтирүүгө, анын тылдагы маанилүү согуш объектилерин кыйратууга жөндөмдүү, кургактагы аскерлердин жана аскер-деңиз флотунун операцияларына жардамдаша алат, куралдуу күчтөрдүн бардык түрлөрүнүн таламдарына жараша абадан чалгындоо жүргүзөт, чоң-чоң аба десанттарын курал жарактары менен кошо ташып жеткирет. ААК негизинен: ыраакы (стратегиялык), фронттук жана аскер-транспорттук түрлөрүнөн турат. Деңиз авиациясы жана аба чабуулунан коргоочу авиация ошолордун курамына кирет. ААК өтө бийиктикте жана алыска учуучу, үндөн тез ылдамдыктагы ар түрдүү самолёттор, ошондой эле вертолёттор менен куралданган. Кийинки кезде көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрдүн ААКы стратегиялык, тактикалык жана аскер-транспорттук авиациядан туруп, мындан сырткары континент аралык баллистикалык ракеталар бирикмелери жана аскердик космос куралдары менен куралданган. Реактивдүү самолёттор, канаттуу ракеталар жана массалык кырып-жоюучу куралдар менен жабдылган азыркы учурдагы ААК согуш аракеттерин жүргүзүүгө, душманга сокку берүүдө зор мүмкүнчүлүктөргө ээ. ААКтын тарыхы авиациялык техниканын өнүгүшү менен байланыштуу. Батыш Европа өлкөлөрүндө аскердик самолёттор алгач 1909-10-жылдары пайда боло баштаган. 1-дүйнөлүк согуш убагында бомбалоочу жана истребитель самолёттору чыгарылып, авиациялык бирикмелер (эскадра, бригада) түзүлгөн. Кыргызстандын аскер авиациясынын тарыхы 1941-жылы декабрынан башталат. Ушул жылы республикага учкучтардын Одессадагы авиациялык мектеби көчүрүлүп келген. 1947-жылдан аталган окуу жай учкучтарды даярдоочу Фрунзе аскердик-авиациялык окуу жайы деп аталган. Көп өтпөй окуу жайы алгачкы реактивдүү аскер самолёттору менен жабдылган. Учкучтар окуу жайы өлкөбүздүн, ошондой эле чет өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрү үчүн авиац. кадрларды даярдай баштаган. Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин, 1992-жылдан өз куралдуу күчтөрүн түзүүгө киришти. Республиканын аймагында жайгашкан СССРдин аскер бөлүктөрү, анын ичинде авиациялык бөлүктөрү Кыргызстандын юрисдикциясына өттү. Анын негизинде түзүлгөн Кыргыз Респнын Коргоо Министрлигинин Аскер-аба базасынын (ААБ) жеке курамы Суусамыр (1992), Сузак райондорундагы кырсыктардын кесепеттерин жоюуда активдүү катышты. Авиаторлор «Центразбат-1998», «Центразбат-1999», «Калкан2000», «Чек-2004», «Чек-2005» аскердик машыгууларын өткөрүүгө катышып келишүүдө. 1999-жылы башталган Баткен согуш компаниясында Коргоо Министрлигинин ААБнын учкучтары, алты Ми-8МТВ вертолету, эки Л-39 бомбалоочу самолёту, АН-26 жана АН-12 транспорттук самолеттору зор роль ойношту. Самолеттор жана вертолёттор бандиттик топтор жайгашкан аймактарга бомба таштоо жана аткылоо менен согуштук аракеттерди жүргүзүүгө толук жөндөмдүү экендигин көрсөтүштү. Өзгөчө бийик тоолуу аймактарга десанттарды жана ок-дарыларды өз убагында жеткирип турууда вертолеттордун ролу чоң болду. Ошону менен катар эле алар аба-ырайын жана чалгындоо иштерин да ийгиликтүү аткарып турушту.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  1. Вооружённые силы зарубежных стран