Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чегара Кызматы
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чегара Кызматы — Кыргызстандын мамлекеттик чегарас кайтарган жана коргогон, чегара көзөмөлүн жүзөгө ашырууга, мамлекеттик чегара режимин бузууларды алдыналууга жана ага жол бербөөгө, КР эгемендүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө колсалууларды болтурбоого багытталган бирдиктүү мамлекеттик орган. Калып:Аткаруучу бийлик
Тарыхы
түзөтүүСССР учурунда чек арачылар Мамлекеттик коопсуздук комитетинин курамына кирген. Алар КГБнын катарында 50 жыл, 1989-жылга чейин болгон.
Эгемендүүлүк
түзөтүүЭгемендүүлүк алгандан кийин дагы сегиз жыл ар кандай саясий жана экономикалык себептерден улам, Кыргызстандын чек арасын Орусиянын чек арачылары кайтарып келген. 1999-жылы алар өз функцияларын кыргызстандык кесиптештерине өткөрүп беришкен.
Чек ара кызматы эки бөлүмгө бөлүнгөн — Чегара Көзөмөлү (орус. Погранконтроль), башкача айтканда, бардык өткөрүү пункттарды Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Кызматы тарабынан көзөмөлдөгөн. Аскердик жагы — чек ара заставаларын Коргоо Министрлигинин карамагында болгон.
2002-жылга чейин Чек ара кызматы Коргоо министрлигинин Чек ара кызматынын башкы башкармалыгынан жана Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара көзөмөлү башкы башкармалыгынан турган, андан кийин эки структура бирге бириктирилген. Чек арачылар УКМКга баш ийген. Андан кийин Чек ара кызматында дагы эки жолу реформа жүргүзүлдү – башкармалык күч кызматкерлеринин карамагынан чыгарылып, кайра аларга бекитилди.
Булактар
түзөтүүКолдонулган адабияттар
түзөтүү- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7