Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети

Тарыхы түзөтүү

1918-жылы Үчтүн айынын 18де Бүткүл Орусия өзгөчө тергөө комиссиясынын төрагасы Ф.Э.Дзержинский баардык Советтерге жана Комитеттерге контрреволюцияга каршы бөлүмдөрдү ачууга муктаждыгы тууралуу телеграмма менен кайрылган.
Ошондон кийин Ташкент революциялык трибуналынын алдында контрреволюцияга, алып сатаарлыкка жана мародерчулукка каршы Тергөө комиссиясы ачылган.
Ушул эле жылдын Үчтүн айынын 12де Пишпек уездиде Советтердин съездинде Совет секциясы, ошондой эле 6-чы номер берилген, Тергөө секциялары түзүлгөн.
1918-жылы Чын Куран айынынын 22-де «Вестник комиссариата внутренних дел» гезитинде Бүткүл Россия өзгөчө тергөө комиссиясынын токтомунан текст жарыяланат. Ал текст боюнча:

  1. Баардык Советтерде жана райондордо аталган комиссияларды түзүү сунушталган.
  2. Бул өзгөчө комиссия (ӨК) контрреволюцияга, алып сатаарлыкка жана кызмат ордун кыянатчылык менен колдонууга каршы иш жүргүзөт.
  3. Мындан кийин камак, тинтүү, реквизиция, конфискалоо жана дагы ушундай сыяктуу иштерге өзгөчө комиссиянын гана укугу бар.

1918-жылы Аяк Оона айынын 5-де Туркестандагы Тергөө комиссиясы Өзгөчө кырдаал тергөө комиссиясына өзгөрүлгөн. Ушул эле айдын 9-да Өзгөчө кырдаал тергөө комиссиясынын түзүлүшү ТүркЦИКтин №35 буйругу менен закондоштурулган.
1918-жылы Тогуздун айынын 17-де Пишпек жана Каракол шаарларында да ушундай комиссиялар түзүлгөн.

Түзүлүшү түзөтүү

 
КР МУККнын түзүлүшү

Жетекчилиги түзөтүү

 
КР МУККнын азыркы жетекчиси

Жунусов Бейшенбай Мамбетомурович

Булактар түзөтүү

КР МУККнын официалдуу сайты Archived 2013-09-16 at the Wayback Machine