Кыргыз Республикасы — динге негизделбеген мамлекет.

Дүйнөдө мамлекеттик идеологиясы динге негизделген өлкөлөр бар, атап айтканда — Ислам республикалары. Аларда коомдук жана мамлекеттик турмуш шариятка негизделип, андан тышкары ой-пикирлерди айтууга жана башкача жашоого тыюу салынган. Мазмуну боюнча андай мамлекеттердеги режимди тоталитардык режим деп атасак жаңылышпайбыз. Биздин мамлекет коммунисттик идеологияны туу кылган тоталитардык режимдүү мамлекеттин алкагынан чыгып, эркин өлкөнү курууну максат кылып койгондуктан мындан ары динге негизделген режимди курууга жол бербөө үчүн, Конституциябызда бул жобо атайын белгиленген. Аталган жобону бекемдөө үчүн Конституциянын 8-статьясында дин жана диний расмийлер мамлекеттен ажыратылгандыгы, диний негизде саясий партияларды түзүүгө жол берилбестиги, диний уюмдардын саясий максаттарды жана багыттарды көздөбөөсү көрсөтүлгөн. Ошону менен бирге адамдарга туткан динине, диний ишенимине карап ыдык көрсөтүүгө, укугунун жана эркиндигинин кысымга алынышына тыюу салынып, каалаган динди тутууга эркиндик берилген.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • ISBN 5-7499-0134-3 Эсенканов К., Идинов А. Мамлекет жана укук негиздери. Бишкек, "Шам", 1999. 23-24 бб.