Кыргыз милиция-айымдар ассоциациясы

Кыргыз милиция-айымдар Ассоциациясы  2010-жылдын 1-октябрь күнү  Бишкек шаарындагы  ЕККУнун колдоосу жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин буйругу менен түзүлгөн .Азыркы учурда Ассоциацияны милициянын отставкадагы полковниги Айдаркул  Каана  жетектеп келет. Ассоциация калктын түрдүү топтору менен коопсуздук саясатын түзүүгө жооптуу адамдардын ортосунда маанилүү “көпүрө” болуп, республиканын аймагында айымардын укугун жана жоопкерчиликтерин  бекемдеп келет[1]. Ассоциация, полиция-айымдар бүткүл дүйнөлүк Ассоциацияга мүчө. 2017-жылы Ассоциация, коопсуздук, укуктук тартип жана мыйзамдуулук айымдар кыргыз Ассоциациясынын түзүлүшүн демилгеленген[1].

Ассоциациянын максаты түзөтүү

Экс-президент Роза Отунбаеванын колдоосу менен ички иштер органдарында гендердик теңчиликти орнотуу максатында кыргыз милиция айымдарынын ассоциациясы түзүлгөн. "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонддун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева коомдун милицияга ишенимин арттыруу, элдин мамилесин өзгөртүү максатында ушундай демилге көтөрүлүп жатканын белгиледи. Мунун алдында аялдарга карата жасалган кылмыштар көп катталган жана тескерисинче аялдардын укугу корголгон өлкөлөрдүн тажрыйбалары эске алынган[2].

Кыргыз милиция-айымдар Ассоциациясы менен бирге чогу иш алып барган дагы бир ассоциация бул  Коопсуздук, укуктук тартип жана мыйзамдуулук секторунун айымдар кыргыз Ассоциациясы. Бул коопсуздук, укуктук тартип жана мыйзамдуулук тармагындагы мамлекеттик структураларда иштеген, укуктук тартипти жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө, мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнө өз салымын кошуп, активдүү айымдардын бирикмеси да милиция айымдары менен  иш алып барат[3].

Ассоциациянын  негизги багыттары - окутуу, семинар-тренингдерди өткөрүү, коопсуздук секторунда айымдардын гендердик репрезентативдүүлүктүн абалы тууралуу суроолорун талкуулоо, кызматы боюнча айымдарды алдыга жылдыруу жаатында тажрыйба алмашуу, системадагы гендердик баланска жетишүү. Ошондой эле, жарандардын укуктары жана эркиндиктери приоритеттүү болуп саналган, ишмердиги ачык-айкын, демократиялык милицияны, сот системасын, жаза аткаруу кызматтын түзүлүшүнө айым-кызматкерлердин катышуусун талкуулаган тегерек столдорду, форумдарды, конференцияларды өткөрүү. Мындан сырткары, ассоциация насаатчылык жаш кызматкерлердин кесиптик калыптануу жана адаптациялоо процессин тездетүү, алардын ээлеген кызматына ылайык жүктөлгөн функционалдык милдеттерди өз алдынча, сапаттуу жана жоопкерчиликтүү аткарууга жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү негизги багыттарында иш алып барат[1].

Ассоциациянын ишмердүүлүгү түзөтүү

Ассоциацянын иш алып баргандан баштап айымдардын коопсуздугу гендердик саясаты, тынчтык мыйзамдуулук багытында көптөгөн жетишкендиктерге жеткен. Эл аралык тажрыйбага бай, жана эл аралык денгээлдеги меморандумдар түзүлүп, иштелип келүүдө. Азыркы учурда кыргыз милиция-айымдар  Ассоциациясы ишин жайылтуу, мүчөлөрүн көбөйтүү максатында иштер тынымсыз алып барылууда[1].

Ички иштер органдарында аялдардын саны түзөтүү

Акыркы жылдары ички иштер органдарында аялдардын саны туруктуу төмөн бойдон калууда – 2019-жылдын башына карата ички иштер органдарында аялдардын 13%ы иштеген. Анын үстүнө, аттестациядан өткөн кызматкерлердин (б.а. погон тагынган жана укук коргоо функцияларын түздөн-түз аткара алгандар) арасында аялдар 6,5% гана түзөт. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын башына карата ички иштер органдарында аялдардын үлүшү 7,1%ды түзөт. Кызматкерлер аялдар негизинен кадр бөлүмдөрүндө, катчылыктарда, финансылык жана материалдык колдоо кызматтарында жана жашы жете электердин иштери боюнча инспекцияда[4].


  1. 1.0 1.1 1.2 1.3 Кыргыз милиция-айымдар Ассоциациясы 13 жылдык үзүрлүү эмгегин белгилөөдө.  02.10.2023 https://mvd.gov.kg/news/3984
  2.  Тартип кожойкелери. Роза Отунбаеванын демилгеси. 9-март 2016 г. https://roza.kg/ky/press-center/news/501
  3. ОБСЕ поддерживает правоохранительные органы в предотвращении гендерного насилия в Кыргызстане. 12-сентябрь 2023. https://www.osce.org/ru/programme-office-in-bishkek/551689
  4. Зачем в милиции нужны женщины (и как это поможет снизить уровень насилия). 9-апрель. 2024 https://kaktus.media/doc/498553_zachem_v_milicii_nyjny_jenshiny_i_kak_eto_pomojet_snizit_yroven_nasiliia.html