Кыргыз элдик оозеки чыгармалар
Элдик ооз эки чыгармалар турмуштук функциясына, аткаруу мүнөзүнө карай түрлөргө бөлүнөт.
1.Лирикалык түр - элдик ырлардын бардык жанырлары: арман, кошок, жарамазан, жар-жар, айтыш, оюн ырлары, кирне ырлары, акыйнек, эмгек ырлары кирет.
2.Эпикалык түр - эпос, жомок, улама сөздөр, санжыра, миф, легенда, оозеки баяндар кирет.
3.Дидактикалык түр - макал ылакаптар, табышмактар, санат-насыят ырлары, терме ырлар кирет.
Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы ооздон оозго, муундан муунга, укумдан тукумга өтүп түбөлүктүү келе жаткан сыймыктуу мурас.
XIX кылымдын экинчи жарымынан баштап, түндүк кыргыздар Россияга өз ыктыяры менен кошулат. Натыйжада элдин жашоо тиричилигине, турмушуна өзгөрүүлөр, жаңылыктар кире баштайт. Бирок, кыргыздардын коомдук түзүлүшү эч өзгөрүүсүз калып, жергиликтүү эмгекчилер эки тараптан — бай-манаптардын жана падышалык чиновниктердин эзүүсүнө дуушар болушат. Падышалык Россия кыргыз элинин турмушунда, экономикасында, маданиятында өсүштүн болушуна кызыкпастан, жергиликтүү элди эзип, караңгылык абалында болушун каалаган. Ага карабастан карапайым орус жана кыргыз эмгекчилеринин арасында ой тилеги бир жерден чыккан боордошуу, бири-бирин түшүнүп, жакындашуу өңдүү мамилелер күн санап өсөт. Кыргыздар орус эмгекчилеринен дыйканчылыктын, кол өнөрчүлүктүн айрым түрлөрүн, өнөр жайынын кээ бир майда-бараттарын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Мындай жаңылыктар кыргыз элинин маданий турмушуна да сиңип, өлкөнүн жаратылышы, байлыгы, элдин тарыхы, тили, оозеки чыгармалары, маданияты орус окумуштууларын кызыктырып, алар тарабынан жыйнала жана изилдене баштайт.
Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгын жыйноону, изилдөөнү Октябрь революциясына чейинки жана советтик түзүлүшү мезгилиндеги деп эки учурга бөлүп кароого туура келет. Революцияга чейин кыргыздын маданий мурасын, оозеки чыгармачылыгын жыйноого, изилдөөгө киришкен окумуштуулардын бири — казак элинин агартуучусу Чокон Валиханов (1835—1865) болгон.
Ал биринчи жолу 1856-жылы Ысык-Көл өрөөнүн топографиялык картага түшүрүүнү максат кылып койгон аскердик экспедицияга катышат. Ысык-Көл өрөөнүндөгү бугу уруусунда болуп, кыргыздардын тарыхына, этнографиясына тиешелүү материалдарды, ошондой эле, анын оозеки чыгармачылыгынан бай материалдар жыйнап алган. Ч. Валихановдун жыйган материалдарынын негизгиси «Манас» эпосунун айрым окуялары.