Кырк чилтен - Борбордук Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы уламыштык кейипкерлер, кишилерге эч көрүнбөгөн аруу, таза, ыйык рухтар.

Кыскача таржымакалыОңдоо

Бул сөз фарсы тилинде "чил + тан" - "кырк киши" деген сөз айкашынан алынган.

Кыргыздар гана эмес, жалпы Борбордук Азия элдери исламга чейин ишенген рухтун (арбактын) түрү. Кырк чилтен - кишилерге эч көрүнбөгөн аруу, таза, ыйык рухтар. Кээде алар мажүрөө кайырчы-думана түрүндө кишилерге жолуга калып, аларга туура жол көрсөтүшү ыктымал имиш.

Аларды кыргыздар кээде "кайып эрен" деп да коюшкан (көзгө көрүнбөгөн ыйык киши).

Кайып эрен (тез айтканда - кайберен) - элик, теке, аркар, кулжа, бугу, марал сыяктуу жапайы жаныбарлардын (кайберендердин) колдоочусу катары кыргыздардын уламыштарында өзгөчө аздектелет.

Өзбектер менен казактардын уламыштарында кырк чилтен байырлаган жер - деңиздеги киши жашабаган арал деп айтылат.


"Манас" дастанында чагылдырылышыОңдоо

Сагымбай Орозбак уулунун жана ага жакын турган варианттарда Манас бала кезинде өтө тентек чыгып, атасы аны тарбиялоо максатында Ошпур деген койчусуна жиберет. Манас Ошпурдун баласы менен козу кайтарып жүрүп өзүнүн келечектеги колдоочусуна кезигет. Эпосто мифтик колдоочу Б-нүн бир козуну «Көтөргөн бойдон тоодон ашып кеткени» (Сагымбай Орозбаков, 1. 112) баяндалат. Козуну көтөрө качкан Көк-Бөрүнү кууп, Манас асканын түбүндөгү үңкүргө кирет. Үңкүрдөн кырк кишиге жолугат. Алар өздөрүн кырк чилтенбиз деп тааныштырат. Манас чилтендерден Б-нү сурайт. Кырк чилтендин башчысы козуну алып келген Б-нү бала Манаска тааныштырып:

Кубалап келген Карышкыр,

Кыяматтык досуң деп.

Манас тура жолборсум,

Кыямат кайым болгуча

Сага кошкон жолдошум.

Атышам деген душмандын

Артыңдан ээрчип жүрөт деп,

Кабарын билип келет деп,

Көсөө куйрук,, көк даңгыт

Көт жагыңдан жүрөт деп,

Кыйкырсаң мурун кирет деп (Молдобасан Мусулманкуловдун варианты, Кол жазмалар фонду, 551-инв., 72-б.), Манаска кеңеш айтып көздөн кайым болот.

Бөрүнүн тотемдик образы мусулмандашкан чыгыш элдеринин мифологиясындагы Кырк чилтен, Кызыр Иляс жана башкалар диний кейипкерлер менен алмашылган. Манасчынын бөрүнү кубулуп жүргөн кырк чилтендин бири, аны Кызыр Илийас Манасты колдоочу-жолдош кылып берген деп түшүндүрүшү ислам динине байланыштуу кийин киргизилген кошумча.

Манастын уулу Семетей да "Манас" дастанында кырк чилтен менен жолуккандыгы сыпатталган учурлар бар:

Ат арытып, жер чалып,
Ит агытып, куш салып,
Колдогону кожосан,
Кол бергени кырк чилтен.
Кырк чилтендин бирөөсү —
Кара чаар кабылан,
Капталынан чамынып,
Миң кишидей түрү бар,
Минтип колдоп алыптыр.
Оң жагына караса,
Чолок көк жал арыстан
Жандай салып чамынып,
Минтип колдоп алыптыр.
Ажыдаар ак жылан
Оозун ачып ышкырып,
Илеп тартып жарчудай,
Миң сан колдой түрү бар,
Артынан сойлоп калыптыр.
Алп кара куш зымырык,
Азыр илип алчудай,
Бутун салып арбайып,
Үстүндө жүрүп калыптыр (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фонду, 552-инв., 107-б.), — деп сүрөттөлөт.

Кыскача адабиятОңдоо

  • Мифологический словарь/Гл.ред. Е.М. Мелетинский - М.:'Советская энциклопедия', 1990 г.- 672 с.
  • "Манас" энциклопедиясы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
  • Урстанбеков Б., Чороев Т. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. — Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. — 288 бет.

Интернеттеги шилтемелерОңдоо