Кырчын - Күнгөй Ала-Тоонун түштүк капталындагы тектондук чуңкурчак; Ысык-Көл районундагы Кичи Ак-Суунун ортоңку агымындагы кооз жер. Ысык-Көлдөн 13-15 км. аралыкта, деңиз деңгээлинен 2000-2300 м. бийиктикте жайгашкан. Узундугу 7-8 км., туурасы 2-2,5 км. Түндүгү жана түштүгү тик капталдуу, батышы Көк-Бел жана Бел-Булак мойноктору, чыгышы Үч-Күнгөй, Көк-Дөбө менен чектешет. Тектоникалык көтөрүлүүнүн натыйжасында Ак-Суу өрөөнүнөн бөлүнүп калган чуңкурчак. Ооз жагы кууш, ичи жагы кеңейип, ичи тектирлүү. Эң үстүнкү тектирче суу нугунан 600-700 м. бийиктикте жатат. Неоген, антропоген мезгилдеринде пайда болгон чөкмөлөрдөн турат. Климаты континенттик, январдын орточо температурасы -4градус...-6гр., июлдуку 15-20гр. Жылдык жаан-чачыны 350-500 мм. Чыгыш капталы Ак-Суу сайынан баштап четин, шилби, ыргай аралаш чытырман карагай токою ээлейт, калың шалбаа өсөт. Кырчын - тунук суулуу, түркүн өсүмдүктөргө бай, өзгөчө кооз жер. Мында Ысык-Көл районунун малчылар майрамы өтүп турат. Туристтик база бар. Кырчын аркылуу Сүттүү-Булак, Желе-Карагай, Кууганды-Төр, жана Ак-Суу ашууларына баруучу туристтик жолдор өтөт.

Кырчын.