Килем токууда жана өрмөк согууда улам аркак өткөрүлгөн сайын үстүңкү — эркек жиптеринин ар биринин арасы менен астыңкы — ургаачы жиптерин өткөрүп, астын-үстүн кылып алмаштырып туруучу бөлүгү. Килемде эриш жип бүт бойдон жүгүртүлүп бүтүп өрмөктүн эриш жиби жүгүртүлүп жатканда күзүк өтөт. Эриш жиптердин ургаачылары күзүккө илинет да, эркек жиптери илинбейт. Өрмөкчү, килемчи адыргыны өзүн көздөй тартып кырынан тургузганда, эркек жип күзүк жиптин арасы менен өөдө чыгып, адыргыны жалпагынан ары жылдырганда ургаачы жиптин арасы менен төмөн түшүп турат. Күзүктөлгөн эриштерди көтөрүп согууга даярдоо үч бут мара болот. Эриштин эки тарап жыш жиптери бат-бат алмашып, арасына аркакты кысып алат. Килем менен өрмөктүн токулган бөлүгү жылган сайын күзүк да, күзүк көтөргүч мара да (можу, иймек) күйөөнү көздөй жылдырылат.


Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)