Күлчор, Бага - Тархан Күрсүл – 8-кылымдын баш чениндеги түргөштөрдүн аскер башчысы. 720-жылы согдулуктардын арабдарга каршы согушуна жардамга келген түргөштөрдүн аскерлерин жетектеген. Самарканды курчоого алып, согдулуктар менен бирге, Согд мамлекетинен арабдарды кууп чыккан. 738-жылы түргөш каганы Сулукту өлтүргөн. 739–744-жылдары каган катары такка олтурган. Күлчор арабдарга каршы ошол эле арабдардын ичинен чыккан козголоңчу аскер башчысы Харис ибн Сурейж менен бирге күрөшкөн. 744-жылы Сырдарыяга жасалган жортуулда Күлчор туткунга түшүп, өлтүрүлгөн.

Колдонулган адабият түзөтүү

“Кыргыз тарыхы” Бишкек 2003. “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору” “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик тил Педагогикалык университети” Башкы редактор: Ү.А.Асанов, жооптуу редактор: А.А.Асанканов. Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н. Өмүрбеков.

Интернеттик шилтемелер түзөтүү