Күмүштак суусуТалас облусунун Бакай-Ата районунун аймагы аркылуу аккан суу; Талас дарыясынын сол куймасы. Талас Ала-Тоосунун түндүк капталынан башталып, түндүктү карай агат. Узундугу 60 км,алабынын аянты 393 км2 . Негизинен кар, булак жана жаан-чачын сууларынан куралат. Май айында кирип, сентябрда тартыла баштайт. Жылдык орточо чыгымы 2,71 м3/сек, эң көп чыгымы июнь-июлда, азы февраль-ма ртта байкалат. Ири куймалары: Талды-Булак, Чоң Коңурдөбө. Негизинен сугатка пайдаланылат. Кыргызстан 7 канал чыгарылган, алар 3,48 м3 /сек суу өткөрө алат. Алабында Шапак, Кызыл Кыргызстан, Ключевка кыштактары бар.