Күнгөй-Кожоке, Ноокат району
Күнгөй-Кожоке, Ноокат району — Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Н. Исанов атындагы айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээли 1440 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 20 км түштүк-чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 62 км. Калкы 3985 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар. Кыштакка жакын балдар эс алуучу жайлар жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9