Күнжара — май өсүмдүгүнүн уругунан майы сыгылып алынгандан (экстракциялоодон) кийин калган калдык; белок жана майы көп концентраттык тоют. Күнжара амин кислоталык курамы жана биохимиялык баалуулугу боюнча дан эгиндеринин белогунан жогору турат. Мисалы, күн карама Күнжарасында 40,9% протеин, 6,8% май, 10,7% суу, 8,5% клетчатка, 26,3% азотсуз заттар, 6,8% күл болот. Күнжара белогунда лизин, метионин, цистин жана триптофон көп. Күнжара, ошондой эле кальцийге, фосфорго, В тобундагы витаминдерге бай, каротин аз. Күнжаранын нымдуулугу 12%тен ашса көгөрүп, сапаты жоголот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү