Күн активдүүлүгүкүн атмосферасында мезгили менен болуп туруучу ар кандай кубулуштар. Аларга тактар, факелдер, флоккулалар, протуберанецтер, күн таажысында жаркыроолор, ультракызгылт көк, рентгендик жана корпускулалык нурлануу жана башка кирет. Күн плазмасынын магниттик касиети менен тыгыз байланышкан фотосферанын бир бөлүгүндө магнит агымынын көбөйүшү күн активдүүлүгүнүн башталышын билдирет. Магнит агымы көбөйүшү менен хромосферада жаркырактык көбөйөт. Бул облус флоккула деп аталат. Күн фотосферасынын участкаларында көзгө көрүнүүчү ак жарыктан факелдер байкалат. Факел жана флоккул бөлүнүп чыккан жердеги энергия көбөйөт, ал магнит талаасынын чыңалышын жогорулатат. Активдүү бөлүктө флоккула пайда болгондон 1-2 күндөн кийин күн тактары кичине кара чекиттер түрүндө байкалат. Алардын көпчүлүгү тез эле жок болот, ал эми айрымдары ири күңүрт тактарга айланат. Типтүү күн тактарынын өлчөмү бир нече ондогон миң кмге жетет. Күн тактарынын маанилүү өзгөчөлүгү - күчтүү магнит талаасынын пайда болушу. Күн активдүүлүгүнүн өтө кубаттуу көрүнүшү - күчтүү жарк этүүлөр. Алар хромосферанын жана таажынын чоң эмес бөлүктөрүндө байкалат. Жарк этүү - негизинен күн плазмасынын кысылышынан пайда болгон жарылыш. Кысылыш магнит талаасынын күчтүү басымы астында өтөт. Жарк этүү - Жер атмосферасынын жогорку катмарына жана ионосферага күчтүү таасирин тийгизет жана бир нече геофизикалык кубулуштарды пайда кылат. Күн атмосферасындагы зор активдүүлүк - протуберанецтер. Эң күчтүү (максимум) күн активдүүлүгү 11 жылда кайталанып турат. Бул Күн активдүүлүгүнүн цикли деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү