КүркүрөөТалас өрөөнүнүн батышындагы суу, Ассанын бир курамы. Кара-Буура районунун аймагында. узундугу 56 км, алабынын аянты 454 км2. Талас Ала-Тоосунун Манас чокусундагы (4482 м) жана Байдамтал, Чыңгыз ашууларынын түндүгүндөгү мөңгүлөрдөн башталат. Терс менен кошулуп, Асса суусун түзөт. Алабынын орт. бийиктиги 2870 м. Эки ири куймасы бар: Көгөндү (сол, узундугу 24 км) жана Аташ-Чапкан (оң, узундугу 32 км). Өрөөнүнүн таманында жана беттеринде булактуу саздак жер көп. Алабында мөңгү жана 4 көл (жалпы аянты 0,08 км2) бар. Күркүрөө тоо аралап шар агат. Тектирчелерди пайда кылат. Кар, мөңгү жана булак сууларынан куралат. Көп жылдык орто чыгымы 5,98 м3/сек, июлдуку 16,0 м3/сек, марттыкы 2,23 м3/сек. Июнь-июль айларында кирип, сентябрда тартыла баштайт. Тоодон чыккандан кийин 13 каналга бөлүнөт. Кара-Буура районунун дыйкан чарбаларынын жана Казакстандын Тараз облусунун чарбаларынын айдоо аянттары сугарылат. Боюнда Көк-Сай, Арчагул, Кайнар, Шекер, Аманбаев кыш. жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү