Күч балансы (Balance of power): Күч балансы - «эл аралык системада өз бийлигин башка мамлекеттерге зордук менен кабыл алдыруучу мамлекеттер жок мезгилде көз карандысыз мамлекеттердин ич ара бирөөсүнүн башка чыгышына каршы туруу жана жолтоо болуу максатында коалиция куруу аракети».

Башкача айтканда, кандайдыр бир өлкөнүн өзүнүн улуттук коопсуздугуна карата ишенимдүү шартта болуу ыктымалдуулугу күч балансы деп аталат. Бул түшүнүктүн кененирээк же экинчи бир жагы болсо бир аймактагы жана дүйнөлүк мамлекеттер ортосундагы абалдын начарлашынын алдын алуу үчүн чара көрүү иш-аракеттери болуп саналат.

Эң биринчи күч балансы бул өлкөнүн ички стабилдүүлүгү жана потенциалдык туруктуу болуусу. Мында куралдуу күчтөрдүн жакшыртылуусу (модернизациялоо, аскердик күчтөрдүн арттырылышы), экономикалык абалдын жана аскердик техникалык күчтөрдүн чыңдалышы менен өлкөгө болгон коркунучтар бейтарап абалга келтирилет. Экинчиси «тышка ачык» тең салмактуулук. Чөйрөдөн же башка жактан бир максаттуу биригүү жолу менен ишке ашырылат. Ошол себептен улам эки жактуу макулдашуулар, келишимдер, коопсуздук келишимдери түзүлөт жана коллективдик коопсуздук системалары өнүктүрүлөт. Бул сыяктуу тең салмактуулук саясаты кадимки аскердик формада же экономикалык, саясий биригүү менен гана күч пайда кылуу аркылуу ишке ашырылат. Учурда мамлекеттер түрдүү себептерден жана окуялардан улам аскердик күчтөр дайыма тең салмакта болушу керек деп эсептөөдө.

Окумуштуулар XVII кылымдан бери акыркы 375 жыл ичинде 75 миллион адамдын согуштарда каза тапкандыгын баса белгилешүүдө. Бул сан XVII кылымга салыштырмалуу 100 миңге, XVIII кылымга салыштырмалуу 5 миллионго, ал эми XIX кылымга салыштырмалуу 6 миллионго көп. XX кылымда болсо бул сан андан да жогорулаган. Мисалы Экинчи дүйнөлүк согушта 70 миллиондон ашык адам каза болгон. Бул согуштан кийинки дүйнө жүзүндө болуп өткөн ар кандай 125ке жакын кагылышууларда 10 миңге жакын адамдын өлгөндүгү маалым.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9