Көбүксуу - Ички Теңир-Тоодогу суу, Көкөмерендин оң куймасы. Жумгал районун аймагы аркылуу агат.
Узундугу 35 км, алабынын аянты 398 км2. Куралуу аймагынын деңиз деңгели ортчо бийиктиги 2800 м. Негизинен кар жана мөңгү суулардан куралат.
Көбүксуунун 52 куймасы бар. Жылдык ортчо чыгымы 9,4 м3/сек, модулу 23,6 л/сек км2. Июль айында ташкындап, февралда тартылат. Алабындагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 2,7 км2.

Колдонулган адабияттар түзөтүү