Көбүргөн — манжа ткандарынын ириңдүү сезгениши. Көбүнчө манжалардын тырмак тушунда кичинекей жарааттар (кесилген, сайылган, сыйрылган жана башка) аркылуу ириңдетүүчү микроб киргенде болот. Көбүргөн үстүнкү (териде, тырмактын түбү жана астында) жана терең (тери астында, тарамыш, муун, сөөктө) болуп бөлүнөт.

Тери көбүргөнү түзөтүү

Тери көбүргөнүндө теринин эпидермис (теринин үстүңкү) катмары ириңдейт: мында териде кандуу суюктук же суюк ириң толуп, чыңалган, кызарган ыйлаакча пайда болот; ачышат, анча катуу оорубайт, ыйлаакча акырындык менен чоңоёт.

Тырмак жанындагы көбүргөнү түзөтүү

Тырмак жанындагы көбүргөндө анын түбүндөгү териде тегереги кызарган, ириңдеген ыйлаакча пайда болот. Эгерде ириң тырмак астына өтүп кетсе, тырмак астындагы көбүргөн пайда болуп, ал тырмакты алып таштамайын айыкпайт. Көбүргөндүн бул түрү көбүнчө тырмак астын сайып же ага тикенек киргизип алганда пайда болот. Мында тырмак пластинасынын асты ириңдейт. Узакка созулуп, күчөп кетсе сөөккө өтүп кетиши ыктымал.

Терең жайгашкан көбүргөн түзөтүү

Терең жайгашкан көбүргөн көбүнчө манжанын ички бетинин тери астынан башталат. Бул жердин териси калың болгондуктан, пайда болгон ириң сыртка чыга албай, ал тарамыш, муун, сөөккө чейин өтүп кетиши ыктымал; кээде бул ткандардын баары жабыркайт. Тери астындагы көбүргөн такай сайгылашып, түнкүсүн ооруйт, кичине эле бир нерсе тийсе ооруганы күчөйт, уйку бузулат. Сезгенүү муунга же тарамышка тарап кетсе манжаны кыймылдатууга болбой калат.

Айрыкча терең жайгашкан көбүргөн ар кандай кабылдоолорго алып келет. Ириңдетүүчү микробдор лимфа жана кан тамырлар аркылуу тарап, ар кайсы органдардын ткандарын сезгентет, ошондой эле сепсисти пайда кылышы ыктымал. Сөөк көбүргөнү тырмак манжаларынын кебетесин бузат, муун жана тарамыш көбүргөнүндө манжалар кыймылдабай калат. Көбүргөн көпкө айыкпаса, сезгенүү процесси алаканга, каруу билекке өтүп, оор хирургиялык операция жасоого туура келет. Ошондуктан көбүргөндүн белгилери билинер замат өз алдынча дарыланбай хирургга кайрылуу керек.

Алдын алуу түзөтүү

Көбүргөндү алдын алуу үчүн ар кандай жумушту иштөөдө кол кап кийип, манжаларды сактоо зарыл. Ошондой эле өндүрүштө жана үй тиричилигинде өздүк гигиена эрежелерин сактоонун мааниси чоң. Бармактагы кичинекей жараатты жууп тазалап, йод эритмесин сыйпап, бармактарга кирген тикенди дароо сууруп таштоо зарыл. Кесилген, сыйрылган, айрылган жана башка кичинекей жараатка йод сүйкөгөндөн кийин БФ-6 желими менен сыйпап коюп, манжага резина бармак кабын кийип алуу көбүргөндөн сактайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8