Тырмаккол жана буттун манжаларынын сырт жагынын учунда жайгашып, тегерете тери менен курчалган мүйүз сымал пластинка.

Кол манжаларынын тырмагы: 1—тырмак эти; 2— тырмак айланасы; 3—4— тырмак артериялары; 5— тырмак изи; 6— тырмактын орду; 7— тырмактын түбү; 8— тырмактын учу; 9— тырмактын денеси; 10— тырмак айчыгы.
Азык жетпеген тырмактын формалары.

Түзүлүшү түзөтүү

Тырмактын денеси жана тамыры бар. Анын тамыры теринин ичине матырылып, үстүнөн жука тери менен капталып турат. Манжанын учунда тырмактын жайгашышына ылайыкталган чуңкурча — жылга болот. Анын тереңинде орун алган клеткалардын көбөйүп турушунан мүйүз сымал пластинка акырындап сыртка карай жылып, тырмактын өсүшүн камсыз кылат, тырмак суткасына 0,1 — 0,2 мм өсүп, болжол менен 100 күндө кайрадан жаңыланып турат. Тырмактын тез же жай өсүшүнө адамдын жашы, жынысы, ден соолугу, жыл мезгили жана башкалар таасир этет. Мисалы, жаш балдардын тырмагы чоң адамдардыкынан тез өсөт, кышында — жай, жайында тез өсөт. Тырмактын пластинкасынын узундугу 10— 15 мм, туурасы 10—17 мм. калыңдыгы 0,30—0,70 ммге барабар келип, аялдардын тырмагы эркектердикине караганда кичирээк. Тырмак пластинкасы сааттын айнегине окшоп томпогунан келип, жылмакай, тунук болот.

Оорулары түзөтүү


Жегичтердин, кислоталардын, травма жана инфекциянын (бактериялар, мите козу карындар жана башкалар) таасиринен тырмак пластинкасы же анын түбүндөгү тери дөңчөлөрү ооруга чалдыгышы мүмкүн. Мында тырмактын көлөмү, формасы жана өңү өзгөрөт. Ал өтө эле чоңоюп же кичирейип, таптакыр жоголуп кетиши да мүмкүн. Тырмак өтө бузулганда куштун тырмагына окшоп калат. Ар кандай оорулардын кесепетинен да тырмактын формасы, өңү өзгөрүлүшү мүмкүн. Тырмактын мите козу карын оорулары (эпидермофития, трихофития, кандидоз, таз), өтө жугуштуу. Өнөкөт жугуштуу ооруларда (кургак учук, котон жара, лепра), дем алуу органдарынын, кан тамыр, эндокрин жана нерв системасынын кээ бир ооруларында да тырмак өзгөрүлөт. Тырмактын жалпайып же ийилип кетиши, туурасынан же узунунан кеткен чуңкурлардын пайда болушу адамдын организминде зат алмашуунун бузулушунан келип чыгышы мүмкүн. Тырмакты туура эмес алганда же өтө тар жана такасы өтө эле бийик бут кийим кийгенде тырмак ичти карай өсүп, этке матырылып, жаралантып жибериши мүмкүн (Туура эмес өскөн тырмак).
Тырмак ооруларын алдын алуу үчүн тырмакты туура күтө билүү керек, кара ошондой эле Маникюр, Педикюр.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8