Көбү-Шаму (моңголчо говь — чөл, суусуз жер, кыт. шаму — чөл) — топоним. Алмамбет өз элинен кетип Көкчөгө келген соң өзүнүн баатырдыгы, эр жүрөктүүлүгү аркасында бат эле казак элине кадыр-барктуу болот. Көкчө жана анын чоролору жеңе албай жүргөн жоолорун жеңип, душмандын малын тийип, Көкчөнүн элин байытат. "Манас" эпосунда ал мындайча сүрөттөлөт: Көбү-Шаму чөлүнөн Маңгул, калмак аралаш Санам кытай элинен Жыйырма миң жылкы алыптыр. Жыйып кара малынан — Сыйыр, төөсү баарынан Он беш миң кара алыптыр (Сагымбай Орозбаков, 2. 238),— деп жоокерчилик доордун шартына ылайык идеалдаштырылат. Тарыхый топоним катарында МЭРдин түштүгүндө жана түштүк-батышындагы жана Кытай чөлкөмүндө жаткан эбегейсиз зор чөлдүү аймак аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4