Серүүн-Дөбө тоосу ― Батыш Теңир-Тоодо. Түндүгүнөн Көгарт өрөөнү, түштүгүнөн Чангет грабен-синклиналы м-н чектешкен горст-антиклиналь.

Тоо кеңдик багытында30 кмге созулат. Туурасы 12 км. Орт. Бийикт. 2210 м, эң бийик жери 2469 м. Тоо батыштан түн.-чыгышты карай 1800 мден 2600 мге чейин бийиктеп, андан түш. ж-а түш.-чыгышты карай кайра 2000 мге чейин жапыздайт. Курчап жаткан өрөөндөрдүн таманынан 700–1300 м көтөрүңкү жатат. Түн. ж-а түш. капталдары кокту-колоттуу. Аскалуу тик капталдарына жер көчкүлөр мүнөздүү. Түш. капталында байыркы көчкүлөрдүн издери сакталган.

Түн. ж-а батыш капталдарында жер көчкү көп жүрөт. Негизинен силурдун кумдук, сланец, порфирит, акиташ теги, базальт, диабаз ж. б. Тектеринен түзүлгөн. Батыш ж-а түш.-батышында юра мезгилинин тектери жер бетине чыгып жатат. Тоодон Көгарт жана Чаңгет сууларынын куймалары башталат. Түш. Капталына шыбактуу-кылканактуу кургак талаа, буудайык-түркүн чөптүү саванна сымал талаа, суу бойлоруна ж-а 1200–2000 м бийиктикке жаңгак токою, буудайык-түркүн чөптүү шалбаалуу талаа ж-а зараң-долонолуу сейрек токой ландшафттары мүнөздүү. Көкжаңгак ш. тушта таш көмүр казып алынат. Жайыт. Тоонун чыгыш бөлүгү чабынды; түн.-батышында Жалалабад курорту орун алган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2