Көкжашыл балырлар (лат. Cyanophyta) - клеткалык түзүлүштөрү, колонияларынын пайда болушу жана алардын биол-сы, филогенези боюнча башка балырлардан кескин айырмаланат. Буларга бир клеткалуу, колониялуу жана көп клеткалуу жип сыяктуу өкүлдөр киришет. Түрдүүчө түстөрдүн болушу (кызгылтым, көкжашыл, көк, кырмызы, ачыкжашыл, каракүрөң) хлорофилл «а», фикоэритрин, фикоциан сыяктуу пигменттерге байланыштуу. Клетканын түзүлүшүнүн негизги өзгөчөлүгү - типтүү ядронун, митохондриянын, хроматофорлордун жоктугу. Ошондуктан да булар бөлүнүүчүлөр тобу менен бирдикте прокариоттор (ядрого чейинки организмдер) деп аталышат.

Клеткалык чел кабык көбүнчө пектин затынан жана былжырлуу полисахариддерден турат. Кээ бир түрлөрүндө кабыктын сыртын целлюлоза жана гемицеллюлозадан турган былжырлуу тон оройт.

К. б-дын жиптери - трихомалар деп аталышып, жекеден, же топтошуп былжырларда сакталышат. Айрымдары былжырсыз. Протопласт көпчүлүк мезгилде четки хроматоплазма, борбордук центроплазма (борбордук плазма) деген эки бөлүктөн турат. Хроматоплазмада пигменттер жана ламеллалар, ал эми центроплазмада диффузиялык абалдагы ядронун эквиваленттери - нуклеоплазмалар жайгашат. Протопласт башка балырларга караганда өтө кыймылдуу, кээде кыймылсыз, клеткалык суюктук менен толгон вакуолдор (боштуктар) сейрек учурайт. Вакуолдор көбүнчө картаң клеткаларда пайда болот. Көпчүлүк планктондук түрлөрүндө псевдовакуолдор болушуп, алар көбүнчө газ абалында (азот менен толгон). Айрым өкүлдөрдө булар тез жок болуп кетишет. Көпчүлүк жип сыяктуу өкүлдөрдө, вегетативдик клеткалардын арасында, өлүк клеткалар – гетероцисттер (бир, бир нече) жайгашышат. Гетероцисттер өзгөчөлөнгөн тегерек формадагы, калың чел кабыктуу саргыч же көгүш суу түрүндөгү клеткалар. Булар ушул күнгө чейин ботаникалык табышмак. Бирок, көбүнчө жиптердин бөлүнүшү ушулар жайгашкан жерлерден жүргөндүктөн, көбөйүүгө активдүү катышат деген пикирлер айтылат.

Клеткадагы запас азык заттар-гликопротеид (гликогенге жакын), волютин жана белок бүртүкчөлөрү - цианофицендер.

К. б-да шапалактуу стадия, жынысташып көбөйүү да жок.

Көбөйүү бир клеткалууларда клеткалардын бөлүнүшү менен ишке ашат. Ал эми жип сыяктуу өкүлдөрдө гормогония жолу менен жүрөт. Натыйжада жиптин дээңгэлиндеги клеткалар бир нече бөлүктөргө топтолушуп, былжырдын жардамы менен өз алдынча бөлүнүп чыгышат (төрөлүшөт). Бир нече убакыттан кийин ар бир бөлүкчөлөр жетилишип, өзүнчө жаңы жиптерди пайда кылышат (к. Гормогония).

К. б-га, башка хлорофиллдүү организмдер сыяктуу, фотоавтотрофтуу тамактануу тиби мүнөздүү.

К. б. түрдүү экология шарттарда кездешишет (топуракта, көлдөрдө, вулкандык атылып чыгууларда, дарактардын кабыгында, ысык булактарда, музда жана карда). Алардын көпчүлүгү жогорку темп-рага (+30о +93оС) чыдамдуу болуп, ысык жана жылуу булактардын негизги жашоочулары. Мындан да жогорку температурада термофилдик К. б-дын жашоосу анын протоплазмасынын өзгөчөлөнгөн коллоиддик абалы менен түшүндүрүлөт (ал жогорку температурада өтө акырын коагуляцияланат).

К. б-дын ичинен төмөнкү темп-рага (-30о -90оС) чыдамдуу түрлөрү да бар. Мында клеткаларды сыртынан каптанган былжырлуу кабык сактайт.

Клеткаларынын жөнөкөй түзүлүштө болушу, жынысташуу жана шапалактуу стадиялардын жоктугу, К. б-ды жер бетиндеги автотрофтук өсүмдүктөрдүн эң байыркысы деген түшүнүктүн далили болот.

К. б. 2000ден ашык түрлөрдү кучагына алып, үч класска бөлүнөт: хроококктор (Chroococcphyceae), хамесифондор (Chamaesiphohophyceae), гормогондор (Hormogoniophyceae).

Аталган класттардын Кыргызстанда көп кездешкен өкүлдөрү - мерисмопедия (Merismopedia), глеокапса (Gleocapsa), носток (Nostoc), калотрикс (Calothrix), осцилатория (Oscillatoria) жана башка

Колдонулган адабияттар түзөтүү