Көккоен "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Сагымбай Орозбаковдо кыпчактардын башчысы. Кээде К. султан деген эпитет менен аталып, Көкөтөйдүн ашында, Чоң казатта Манаска караган кан катары көрсөтүлсө, Манастын Каныкейге үйлөнүшүндө кырк чоронун бири деп айтылат. Ошондогу ат чаап жар тандоодо аты Көкжорго кырк биринчи келген К. тагдырына буюрган Батмабүбүгө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 427). Саякбай Каралаевдин вариантында Коёнаалы деген ысым менен берилип, эпикалык образы башкача планда чечилет, к. Коёнаалы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4