Көкмончок — кейипкер. Семетейди Канчоро, Кыяс чыккынчылык менен жарадар кылганда сыйкыр менен кайып кылып алып кеткен пери кыз, Айчүрөктүн сиңдиси. Саякбай Каралаевдин вариантында К. жаралуу Семетейге өзү келип, туман түшүрүп, жаан жадырып, жан адамга көрсөтпөй Кайыпчынын кара тоосуна алып кетет да, сыйкыр менен Тайбуурулду , Акшумкарды , Кумайыкты баатырдын колуна тийгизип, кулагын уккус кер, көзүн көргүс көр кылып, жолун дубалап элге жолотпой алып жүрөт. Багыш Сазановдун вариантында Семетейди Кыяс өлтүргөндө ай, күн тутулуп, катуу жаан жаайт. Айчүрөк Семетейдин сөөгүн кайтарып тургула деп Акшумкар менен Кумайыкты коё берип, өзү «тили темир, жаагы жез» сыйкырдуу комузун кагат, анын үнүн Көйкаптагы дөөнүн кызы К. угуп, көп дөөлөр менен келет да, Семетейдин сөөгүн көккө алып чыгып, «баштагы өткөн пайгамбар» Так-Сулаймандын жанына бекитет.

Согушта курман болгон баатырларды кереметтүү кыздардын алып кетиши дүйнөлүк мифологияда көп учураган типтүү көрүнүш. Скандинавия элдеринин мифологиясында башкы кудай Одинге баш ийген жоокер кыздар — валькириялар согушта эрдик менен өлгөн жоокерлер эйнхийлерди Валохоллага (өлгөн баатырлар тирилип тойлоп жатуучу асмандагы сарай) алып кетип турушат. К., Валькирия тибиндеги каармандар энелик доордогу синкреттик мифологиянын негизинде жаралып, алгачкы учурда Улуу Эне — башкы кудайдын ролун аткарса, аталык бийликтин күчөшү менен анын милдети төмөндөп башкы эркек кудайдын жардамчысына айланышат. Башкы аял кудайдын образынын мындай өзгөрүшү Борбордук Азиядагы шаманизм динин туткан түрк-моңгол элдеринин чыгармаларында көрүнөт. Ал эми «Манас» эпосунда мифологиялык мындай образдар мусулман элдеринин оозеки чыгармаларындагы перилер, кайыптар менен контаминацияланып, бир кыйла башкача өзгөрүүлөргө туш болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4