Тайбуурул (Нарбуурул, Нарбуудан) — Саякбай Каралаевдин варианты вариантында Манастан Семетейге мураска өткөн тулпар. Т-дун тегин манасчылар жылкынын пири Желкайыптын өзү менен байланыштырышат жана кыз Сайкал менен Манас сайышып, жакшылыкча бүткөн беттешүүдөн кийин достуктун белгиси катары Сайкал Семетейге арнап тартуу кылат. Эпикалык салтка жараша Сайкалдан белекке келген кызыл буурул тай менен Семетейдин жарыкка келиши бир мезгилге чамалаш айтылып, Манас өзү Т. деп ат коёт. Молдобасан Мусулманкуловдун варианты боюнча Сайкал Манаска тартуулаган Т-дун алгачкы учурдагы көрүнүшү көзгө комсоо чолок тай болот да, жетилгенде арып-азбаган чыгаан тулпарга айланат. Башка аттарга кара ганда өтө зор, күлүк тулпар катары белгилеп, Саякбай Карала уулу Нарбуурул, Нарбуудан деп Т-га синоним катары колдоно берет.

Анын кажыбас күлүктүгү башка тулпарлар менен салыштырмалуу берилип, башка күч келген учурларда Т. ажат ачат. Т. Манастын көзү өткүчө ага кызмат кылат, кытай менен болгон согушта жаралуу Манасты Т-га жүктөп келишет. Манас өлгөндө Ажыбай өзүнүн Карткүрөң тулпарына ишенбей Т-ду сурап минип чабаганга кетет. Т-дун мындай өзгөчө чыдамдуу күлүктүгү, айбан да болсо акылынын тунуктугу эпосто көп жолу далилденип:

Кумга туулуп, чөлгө өскөн,

Кулан менен бирге өскөн,

Карга туулуп, музга өскөн,

Кайып менен бирге өскөн, (АТ, "Семетей", 989-инв., 210-б.) болуп түшүндүрүлөт. Манас өлгөндө анын башка айбандары сыяктуу эле Т. да безип кетип, Семетей эр жетип, элине келгенде алдынан тосуп чыгат. Ошондон баштап Семетейдин өмүрүнүн акырына чейин ага кызмат кылат. "Манас" эпосунда Т-га өзгөчө маани берилген. Анткени, Семетей менен анын чоролорунун ортосунда ишенимдүү ат жалгыз Т. ошон үчүн ар бир кооптуу жоого аттанарда улам бири минет. Т-дун бир нече баатырдын ортосундагы жалгыз ат болуп калышы кыргыздардын бөлүнүп, жарылып мурдагы күчтүү абалы жок экендигин символикалык түрдө белгилеген элес. Ушундай эле соот-чопкут, курал-жарак да баарынын ортосунда бир сыяктуу сүрөттөлөт. Т-га ким минсе ошол Манастан калган Аколпок, Сырнайза, Ачалбарсты пайдаланат. Элдик баатырлардын Манастын учурундагыдай өзүнө ылайык туруктуу ат минип, туруктуу курал-жарак пайдаланышпай, тескерисинче бир нече баатырдын ортосунда күчтүү жоого кирүүгө жарактуу, ишенимдүү бир эле ат, бир эле кийими, курал-жарак болушу да ушул доордун мүнөзү менен шартталган. Эпикалык тулпарларга мүнөздүү магиялык касиеттеги салттык мотивдер Т-дун образында да сакталган. Мисалы, Күрпүлдөктүн суусуна аккан Семетейди куйругу менен тосуп чыгарып өлүмдөн куткарат. Жоо келатканда Т-дун "Таманы жерге тарсылдап, Көкүлүнө шам күйүп, кулагынан жаркырап мунар чыгып" (МЧ, Кол жазмалар фондусу, 222-инв., 18-б.) көрүнүшү апыртмалуу сүрөттөлөт. Касташкан душмандары Семетейди адегенде атынан ажыратууга аракеттенет. Ошол максат менен Чынкожо Семетейден Т-ду суратат. Канчоро кастык менен Т-ду Үмөтөйдүн кунуна бердирет. Т-га Үмөтөйдүн сөөгүн жүктөп Акеркечке жөнөтөрдө Семетейге жакындары адилет сөзүн айтат.

Канатыңдан кайрылба,

Тайбуурулдан айрылба,

Аколпок тонду чечинбе

Аманат жандан кечинбе (ЫА, Кол жазмалар фондусу, 188инв., 35-б.), — деп Бакай Семетейдин өлүмгө баш байлап отурушун жактырбайт. "Тайбуурулдун тартуу кеткени Семетейдин ажалынын жеткени" дегендей жанга өлчөлүү аты — Т-дан ажырагандан кийин Семетей душманынан жеңилет. Мамбет Чокморовдун варианты боюнча Т. тартууга барган жеринде кайып болуп кетет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4