Көкойрок тоосу - Түндүк Теңир-Тоодо. Иле Ала-Тоосунун түштүк тармагы. Кашкасуу жана Чоң Кемин сууларынын аралыгында түн.чыгыштан түш.-батышка карай 21 кмге созулат. Орт. бийикт. 3000–3500 м, эң бийик жери 4202 м. Тоонун кыры аска-зоокалуу, мөңгүлөр бар. Капталдары негизинен тик, кокту-колоттуу. Протерозойдун башталышында пайда болгон татаал бүктөлүүлөргө дуушарланган гнейс, мигматит, слюдалуу жана графиттешкен сланецтер, кварцит, мрамор тектеринен туруп, гранит, аляскит, жегичтүү гранит интрузиялары жиреп чыккан.

Талаа жана шалбаалуу талаа (1800 м бийиктикке чейин), бадалдуу шалбаа (1800–2800 мге чейин), субальп жана альп шалбаалуу талаасы (3300–3400 мге чейин), андан жогору нивалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү