Көкчө«Манас» эпосундагы негизги каармандардын бири. Казактардын каны, белгилүү баатыр. Сагымбай Орозбаков вариантыдо Көкчө эпостун сюжетинде дээрлик башынан аягына чейин катышат. Атасы Айдарканды ээрчип жүрүп, эл-журтун душмандардан коргоого активдүү катышып, жоодон тартынбай нечен жолу жекеге чыгып, баатырдык көрсөтөт. "Манас" эпосунда К-нүн баатырдыгы башка каармандар менен тең катар бааланат. Сагымбайдын айтуусунда Көкчө Манаска келип кошулуп, өзүнүн биринчи эрдигин кытай баатыры Нескара менен болгон согушта көрсөтөт. Салбырында жүргөн бир курдуу балдар Манасты кан шайлап алышат. Кийин эл чогулуп Манасты кан көтөрүшкөндө К-гө төрөлүктү ыйгарышат. Башка кандар сыяктуу эле К. да Манас менен бирдикте Чүйдү, Анжиянды бошоткон жортуулдарга атасы Айдаркан баштаган колу менен катышат. Ар бир кан өз алдынча жер-жерлердеги калмак кандарына каршы жөнөгөндө К., Айдаркан Кер-Көлдөн өтүп, Алматыга ашып түшүп, Иле боюн ээлеген калмактын каны Илебинге каршы барат.

Каны мурун Манастын колу менен болгон согушта өлгөн эл каршылык көрсөтө албай багынып, Буудайбек сулууну баш кылып тартуу тартат. К. Буудайбекке үйлөнүп, Иле боюнда калат. Манас чакыртканда гана башка кандар өңдүү өз колу менен келип турат. "Манас" эпосунда Көкчө Алмамбетке байланыштуу окуяларда кеңири айтылат. Алмамбеттин келиши менен К-нүн иши илгерилеп, К-нүн көңүлү да Алмамбетке бурулуп калгандыктан, казак төбөлдөрү көрө албастык кылып аларды араздаштырууга аракеттенишет. К-нүн алабарман, ичи тар ишенбөөчүлүгүнөн пайдаланып, эл арасында Көкчөнүн аялы Акеркеч менен Алмамбет экөөнүн көңүлү жакын экен деген ушак кеп таратышат. Акылдуу Акеркеч Алмамбетти актап, Көкчөнү уяткарат. Анын Көкчөгө кылган кызматын, адамдыгын, жолдошчулугун айтат. Алмамбетти көрө албагандар акылы азыраак Буудайбекти күбөгө тартып, чагымчылдар Алмамбетти кетирип тынышат. Аягы К. жети канга кошулуп, Манаска каршы кутумга кирет, Бээжинге чоң казатка чогуу аттанат. Саякбай Каралаевдин вариантында да К. казактын каны, өзүнө ылайык Көкала тулпары бар белгилүү баатыр катары сүрөттөлөт. Анын мүнөзүндө алабармандык, мактанчаактык, ала көөдөндүк, өзүмчүлдүк өңдүү терс жактары бар экендигине карабастан ал душманга каршы тартынбай кармашкан эр жүрөк баатыр. Кийин Көкчөнүн уулу Үмөтөй чоң казатта окко учкан атасынын кунун Семетейден доолайм деп, бөөдө өлүм болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4