Көкчөтоо тоосу
«Көкчө-Тоо» менен адаштырбаңыз.
Көкчөтоо тоосу – Түркстан кырка тоосунун түндүк тармагы. Сумбула суусунун чыгышында, Исфана өрөөнүнүн түштүгүндө кеңдик багытта 21 кмге созулуп жатат. Туурасы 6 км. Орточо бийиктиги 2200–2400 м, эң бийик жери 2583 м. Жону тайпак, капталдары аскалуу; кокту-колоттуу, жарлары бар. Девон, карбон жана силурдун кумдук, алевролит, сланец жана конгломерат тектеринен турат. Көмүрдүн кени бар. Жарым чөл, кургак талаа жана талаа ландшафттары мүнөздүү; арча токою кездешет.
Чарбачылыкта чөп чабынды, жайыт катары пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы. Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine – Бишкек, 2004. - ISBN 9967-14-006-2