Көкүм Бий, Көкүм Багыш уулу (т. ж. белгисиз – болжол м-н 1629-ж. кийин) – кыргыз элинин белгилүү бийлеринин бири. Санжыра б-ча Багыштын атасы Жан Короз (Карачоро), анын атасы Тагай бий деп айтылат.

Багыш уулу Көкүм бий
Кыргыз бирикмеси
 
Уруусу: Багыш уруусу
Атасы: Багыш
  • Чоң Атасы:
    Жанкороз
Балдары: Тейиш хан
Кесиби: Бий, Баатыр

17 к-да ойрот урууларынын (Жуңгар хандыгы)биригүү процесси башталып, натыйжада кыргыз-казактар аларга туруштук берүү үчүн бирдиктүү союз түзүшкөн ж-а Эр Эшимди хан көтөрүшкөн. Ал 1629-ж. Ташкентте хан болуп турган Турсунду өлтүрүп, катагандарды кырган. Анын ордуна Эшим хандын ишенимдүү адамы катары К. б. Ташкент ш-на улук болуп дайындалган. Элдик санжырада анын саясий таасири өтө жогорулап баратканын көрө албагандыктан казактын дуулат (чанычкулу) уруусунан Карабайтик уу берип өлтүргөнү ж-а ошол себептен кыргыз-казактын ынтымагы кеткени айтылып калган. Кээ бир маалыматтарда (мис., А. Левшин, М. Тынышбаев) 1740-ж. Ташкенттен дуулаттар куулуп, калмактардын атынан аны К. б. бийлеп калган деген жаңылыш кабарлар да кезигет. Сөөгү Ташкент ш-на (азыркы Шайхантаур р-ну, Карлыгач мазары) коюлуп, Эшим хандын буйругу м-н чоң күмбөз салынган. Күмбөздүн төбөсү көк сыр м-н сырдалгандыктан, «Көкүмдүн көк күмбөзү» аталган. Бул күмбөздүн калдыгы азыркы күнгө чейин сакталып турат. Тооке Жааңгер уулунун (Эшим хандын небереси) тушунда К. б-дин уулу Тейиш бий (Кантейиш) кыргыз-казактар ынтымак түзүп, эки элдин биримдиги бекемделген. Тейиштин уулдары Аккочкор, Каңкы Жаңыл мырзанынын окуяларында эскерилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1. Б., 1993.(жеткиликсиз шилтеме)
  • Валиханов Ч. Ч. Соч. в пяти томах, Т. 1. А., 1961;
  • Тоголок Молдо. Тарых, түпкү аталар. Кыргыздар. Б., 1991;
  • Тынышпаев М. История казахского народа. А., 1998;
  • Левшин А. И. Описание Киргиз-Кайсацкик орд и степей. А., 1996;