Көкөтөйдүн керээзи

Ч. Валиханов жазып алган бул вариантта Көкөтөйдүн баркы, даңкы бийик, батылы жогору турган кан экендиги айтылат[1]. Ногой журттун башы болгон Көкөтөй кан ажал тооруп турганда элин чакыртып алдынан өтмөй болот. Сары ногойдун баласы Жайма көкүл Жаш Айдарды алдыртып, Мааникерге мингизип, Көкөтөй абалы жаман деп, түн түшкөн калың ногойго, Байдын уулу Баймырзага айт, мен керээзимди айтамын деп тапшырат. Бул кабарды уккан көп ногой чогулуп Көкөтөйдүн боз ордого дүңгүрөп түшүп калат. Келген элге Көкөтөй керээз сөзүн айтат:

Менин көзүм өткөндө кылыч менен кырдыргын, кымыз менен жуудургун, журтум, Чарайна менен чаптатып, булгаары менен каптатып, ак казаным жаздантып, кыбыланы баштантып жаткыргыла, журтум. Кызыл макмал бүктөтүп, кызыл нарга жүктөтүп, кара макмал бүктөтүп, кара нарга жүктөтүп, алтымыш бир ногой кырк кербен менен алып барып койгула. Кербен башы Кара сартка сексен эркеч майына кыш бышыртып, астыңкы жолдун үстүнө, үстүңкү жолдун астына айга баккан Ак сарай, Ак сарайга койгула. Бейитимдин башына тайдан, төөдөн, кунандан байге сайып, ат чаптырып, кызматыңарды кылгыла, мындан бөлөк кебим жок.

Эл-журтунун эсен-амандыгын тилеп ак батасын берет. Анан Байдын уулу Баймырзага кайрылып:

Тели куш таптап куш салдым, тентиген жыйып эл кылдым, кулаалы таптап куш салдым, курама жыйып эл кылдым эле, менин көзүм өткөн соң курама элди таратпай жөөсүнө чобур кармап берип, чапан жаап, бир эл кылып ала көр. Таап алган жалгыз балам Бокмурунду арам сийдик жетим дедирбей үч жыл чыдап бакканда бой жетип эр болор, ошондо калы килем үстүнө салып менин ордума кан көтөрүп алгыла. Кырк ашымды берерде кытайлардын кыр мурундуу Коңурбай өзүнүн аты Үңүрбай ошого кабар берип, кырк ашымдан кутулгун. Улуу ашымды берерде, Жакыптын уулу жаш Манас, жаңы оозго алынган, кабагы бийик, өңү саз, эңгечер бойлуу эр Манаска барып акыл салып, мусулман менен каапырды чогултуп, менин бир карызымдан кутулуп кала көр.

Муну айтып Көкөтөй көзү сүзүлүп, кыямат көздөй жол тартат[2].

Колдонулган адабият түзөтүү

  1. Кырбашев К., Ботояров К. Көкөтөйдүн ашы // Энциклопедия «Аалам-Манастын музыкасы» — Бишкек: 1995
  2. Ч. Валиханов. Избранные произведения, Алматы// «Смерть Кукотай хана и его поминки» — 1958, 346—360-б.