Көк-Ала
Көк-Ала – Чаткал кырка тоосунун түштүк-чыгыш капталындагы көл. Ала-Бука районунда. Каба-Сай суусунун төрүнөн орун алган. Аянты 0,84 км2, тереңдиги 100–130 м. Көл чанагы деңиз деңгээлинен 2606 м бийикте жатат. Гравитациялык жер көчкүнүн өрөөндү бөгөп калышынан пайда болгон. Жээктери зоокалуу, тик. Суусунун темпретурасы 19,5 – 21 Сге жетет. Көлгө бир нече агын суу куюп, суунун бир аз бөлүгү бөгөттүн астынан сарыгып агып чыгат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9