Көк-ЖайыкЫсык-Көл ойдуңундагы кооз жерлердин бири. Жети-Өгүз суусунун ортонку агымында жайгашкан. Жети-Өгүз районунун аймагында. Таманынын узундугу 3 км, туурасы 1 кмдей. Көк-Жайык Тескей Ала-Тоонун бийик бөлүгү менен орто бийиктеги Көк-Бел тоосунун ортосунда кеңдик багытында созулуп жаткан байыркы өрөөндүн бир бөлүгүн ээлейт. Жети-Өгүз өрөөнүнүн тегиз жана жайык бөлүгү. Өрөөн аркылуу Жети-Өгүз суусу агып өтөт. Таманы жантайма (5–100) түздүк байыркы мореналарга, флювиогляциалдык чөкмөлөргө, ошондой эле аллювий-пролювий тектерине толгон. Көк-Жайыктын башы (түштүк-чыгыш тарабы) байыркы өрөөн мөңгүсү жаткан тепши сымал өрөөн, түндүгүндө Көк-Бел тоосун Жети-Өгүз суусу кесип өтүшүнөн пайда болгон антецеденттик кууш капчыгайга өтөт. Өрөөндүн капталдарына кыска кокту, сайлар мүнөздүү. Климаты мелүүн континенттик; июлдун орточо темпретурасы 13°С, январдыкы – 7,5°С. шиберлүү жана токойлуу (карагай, бадалдуу) кооз ландшафты менен өзгөчөлөнөт. Маанилүү жайкы жайыт. Эс алууга ыңгайлуу. Мында малчылардын майрамы, улуттук оюндар өткөрүлүп турат. Жайкы туризм өнүккөн. Көк-Жайык формасы жагынан чыгыш жагы ачык табигый стадион сыяктуу жер. Түштүк жана батыш капталдары калың карагайлуу токой, түндүгү кызыл аскалар, ортосу көк шибердүү түздүк. Кийинки жылдарда түз жерлерге карагай отургузулуп, табигый кооздук бузулган. Түндүк жагынан Көк-Жайыкка келатканда «жарылган жүрөк» деген кооз кызыл аска көрүнөт. Өрөөнгө автомобиль жолу жетет. Көк-Жайыктан 4–5 км төмөнүрөөк «Жети-Өгүз» курорту жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү