Көк-Кыя кыркы тоосуАк-Сай өрөөнүнүн түштүгүндө. Какшаал тоо тизмегине кирет. Узундугу 20–25 км. Басымдуу бийиктиги 4200–4400 м, эң бийик жери 4843 м.

Кырына байыркы тайпак жерлер мүнөздүү. Түштүк бети өтө тик (65–70°), батыш бөлүгү бийик (4200–4500 м), зор капчыгайлар кесип өтөт (Көк-Кыя каньону). Түзүлүшү боюнча горстантиклиналь. Байыркы муз каптоонун издери байкалат. Палеозойдун гранит, сланец, кумдук, акиташ тектеринен турат. Түштүк-чыгышында мөңгүлөр бар. Бийик тоолуу субальп талаасы (3500–3800 м), альп талаасы жана шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү (3800–4300м), тоо бетинде негизинен шыбак, доңуз сырты, бетеге өсөт. Кышкы жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү