Көк-Суу тоосу

Көк-Суу, тоо‎»‎ барагынан багытталды)

Көк-Суу тоосуПскем кырка тоосунун түштүк-чыгыш тармагы. Чаткал жана Көк-Суу сууларынын аралыгында. Тоонун кыры аркылуу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы өтөт. Узундугу 60 км, туурасы 15—17 км. Орточо бийиктиги 3100—3300 м, эң бийик жери 3828 м (Чатыр-Дөбө чокусу). Кыры жалама, тик аскалуу, мөңгү жок; капталдары тик (40—500), кыска жана терең кокту-колоттуу капчыгайлары бар. Геологиялык түзүлүшү өтө татаал, тектон. терең жаракалар менен тилмеленип, бүктөлүүлөргө дуушарланган. Тоонун түштүк-чыгыш бөлүгү гранит, гранит-диорит, гранитсиенит; ортоңку бөлүгү карбондун башталышында пайда болгон конгломерат, аркоздуу кумдук, битумдуу жана доломиттүү акиташ теги, түндүкбатышы девондун доломит, кумдук, сланец, гравелит тектеринен түзүлгөн. Тоонун түштүк-чыгыш капталына талаа жана шалбаа бадалдуу токой (2800—2900 мге чейин), андан жогору субальп жана альп шалбаасы, шалбаалуу талаа жана субнивалдык суук чөл ландшафттары мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

  • ...