Көк-Суу
Бул барак сөздүн же сөз айкашынын маанилерин келтирип, тийиштүү макалаларга шилтеме берет. Бул жерге макаланын негизги текстинен багытталсаңыз: ал макаладагы шилтемени жана/же бул жерге багытталган баракты оңдоп, Википедияны жакшырта аласыз. Бирок, тийиштүү макала жазыла элек үчүн да бул жерге багытталган болушуңуз мүмкүн. |
Көк-Суу — тоодогу мөңгүлөрдөн, көлдөрдөн, булактардан башталган көк кашка тунук суу. Дарыя, көл, жер, айыл-кыштак аттары түрүндө да Кыргызста ндын аймагында кеңири таралган.
- Көк-Суу (чыгыш) – Алай району аймагы аркылуу аккан суу. Чыгыш Кызыл-суунун алабына кирет. Алайкуу кырка тоосунан башталат. Узундугу 80км, алабынын аянты 976 км2. Жогорку агымында кууш өрөөн аркылуу агат. Өзөнү ичке келип, көптөгөн босоголор кезигет. Ортоңку агымында өзөнү кеңейип барып Кызыл-сууга куят да андан кийин чыгышты (Кытайды) карайа гат.
- Алай өрөөнүндөгү суу, Кызыл-суунун оң куймасы. Узундугу 65км, алабынын аянты 1105 км2.
Алай кырка тоосунун түштүк капталындагы Абрамов мөңгүсүнөн башталып, капчыгайлуу өрөөн аркылуу түштүктү карай агат. Ири куймалары: Асан коргон, Тегерек, Музбел, Кулжабашы (оң), Ойбала, Дүңгүрөмө, Карабел (сол). Негизинен кар, мөңгү жана булак сууларынан куралат. Жылдык ортчо чыгымы 10–12 м3/сек. Эң көп чыгымы июль-августта, азы февраль-мартта байкалат. Апрель–сентябрда кирип, октябрь–мартта тартылат. Боюнан Жарбашы, Кочкорчу кыштагы орун алган.
Дагы караңыз
түзөтүүКолдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9